Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт аталышындагы китептин негизинде мугалимдер үчүн сынак жарыяланды. Сынакты “ДЕМБЕР!” кыймылынын Bilimdar долбоору иштеп чыккан. Жеңүүчүлөргө автоунаа, ноутбук, смартфон жана 30 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо берилет.

«Билимдар» долбоорунун уюштуруучусу Адилет Самсалиев аталган долбоор жаш мугалимдер тарабынан иштелип чыкканын билдирди. Анын алкагында бир топ иш-чаралар пландалган. Алардын алгачкысы мугалимдерге арналган китеп окуу сынагы:

“Китеп окуу сынагынын максаты мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу окуучулардын билимин бекемдөө, эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу болуп эсептелет. Учурда биз билимдүүлөрдүн заманында жашап жатканыбыз менен коомдо билимсиздер көбөйүп жатканына күбө болуп жатабыз. Бул китеп мугалимге шык, дем бере турчу алардын педагогикалык сезимин ойгото турчу китеп. Негизи эле мугалим китеп окуп турбаса өнүкпөйт. Ошол эле анын окуучулары дагы жетиштүү билим ала албай калышы толук мүмкүн.”
Китептин түзүүчүсү жана даярдаган педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов. Аталган китеп ичине 5 китепти камтырын айтат. Аларга дүйнөлүк котормолор ошондой эле өзүнүн калемине таандык эмгектери кирген:

“Учурда биздин мугалимдерге шыктануу жетишпей жатат. Анткени мектептеги окуучунун билим сапаты мугалимдин билиминен ашып түшпөйт деген сөз бар. Андыктан мугалим өзү окуп турушу керек. Мугалим ар дайым окуп турбаса мугалимдиктен калат. Биз бул китеп аркылуу республикада 8000дей мугалим бар алардын жок дегенде 1000инин көз карашын өзгөртө алсак алар мектептеги педагогикалык жамааткка таасир эте алат. Ал жамаат окуучуларга таасир этет ал эми окуучулар Кыргызстандык келечеги. Ошондуктан бизде азыр мугалимдерди өзгөртүү маселеси турат. Айлыкты көтөрүү, мектепттеги шартты жакшыртуу эмес, биринчи мугалимди өзгөртүш керек.”


Белгилей кетсек, конкурска катышуу үчүн катталган адам “БИЛИМДАР” whatsapp группасына кошулат жана ал жактан кошумча маалыматтар берилип турат.
Айгерим Кубатбекова