Кочкор районунун Кара-Суу айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара болду. Ага айыл тургундары катышып, шайлоо учурундагы фейк маалыматтар, аларды аныктоо туурасында маалымат алышты.

Кочкор районунун Кара-Суу айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара болду.
Иш-чараны Кочкор районуна караштуу Шапак жамааттык мультимедиа борбору уюштурду.

Иш-чараны Кочкор районуна караштуу Шапак жамааттык мультимедиа борбору уюштурду.
Катышуучулар 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

Анарбек Чалбаев, Кара- Суу айылынын тургуну
Кара- Суу айылынын тургуну Анарбек Чалбаев, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар айыл жергесин өнүктүрө албайт, себеби бюджеттен көз-каранды дейт.
“Жаңы шайланчу депутаттар арасында мурда депутат болгону да, боло элеги да бар. Айылдык кеңештин депутаттарына ишенич деле жок. Жөн эле депутат деген атты алыш үчүн келе жатат. Программа дептир, программа болгондо эмнени аткарат. Бюджетти карайт, айылыбыз жакыр экен. Өкмөттө акча жок деген сөз менен жыйынтыктуу деле иш жүрбөйт. Айылдын көйгөйү чече алат деген оюм жок”.

Зейнура Токтомаматова, Кара-Суу айылынын тургуну
Ал эми ушул эле айыл тургуну Зейнура Токтомаматова депутаттарга ишеним жана талап сөзсүз болушу керек дейт.
“Мен ушул чакырыктагы депутаттардан көп несрени үмүттөнүп, күтөм жана шайлоого барып шайлайм. Эгерде, биз ишеним менен барып шайласак, депутаттар элге убада кылган нерселерин аткарат деген ойдомун. Ошол эле учурда биз талап дагы кылып турушубуз керек. Себеби, бул шайлоого талапкер болуп жаткандар арасында мурда иштеп тажрыйба топтогондору, биринчи жолу бара жатса дагы билимдүүлөрү бар. Элдин ишеними акталат деп ишенем”.

Алма Асанова, Кара- Суу айылынын тургуну
11-апрель күнү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу менен бирге, референдум дагы өткөрүлөт. Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу Кара-Суу айылында мугалим болуп кызмат кылып келе жаткан Алма Асанова ой бөлүштү. Ал Конституциянын жаңы долбоорунда ыйгарым укуктар президентте болуп жаткан соң, жоопкерчилик дагы анда болушу керектигин баса белгиледи.
“Конституциянын жаңы редакциясында бийликтеги көп ыйгарым укук президентке берилген. Президент министрлер кабинетин дайындап, жумуштан бошотот экен. Ошондой эле көп жумуш президентке жүктөлүптүр. Эми бул жаңы редакция болуп жаткан соң, биз президентти ишенип шайлган соң, өлкө башчысынан көп нерселрди күтөбүз. Ал өлкө эконмикасын, маданий иштерди, айыл-чарба, билим-берүү тармагын алга сүрөп, өнөр-жай тармагын өнүктүрөт деген ишеничтемин. Баш мыйзамдын бүгүнкү редакциясында премьер-министр жооптуу болсо, жаңыланып сунушталып жаткан редакцияда президент жооптуу болот экен”, — дейт Алма Асанова.

Урмат Батталов, Кара- Суу айылынын тургуну
Айыл тургуну Урмат Батталов дагы бийлик жана жоопкерчилик бир кишинин колунда болгону дурус деген пикирде.
“Конституцияга өзгөрүү кирип жатпайбы. Буюрса, башкаруу жана жоопкерчилик бир кишиде болуп, өнүгүү жолуна түшөбүз деген ишенимдемин. Бир киши башкарса, жакшы эле болотго деп жатам”.
Фейк маалыматтын элге тийгизген таасири
Эл күтөт: Жаңы бийлик карапайым элге карамдуу болсо…
Касиет Кубанычбек кызы