Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айымдары ассоциациясы бир нече уюмдар менен иш алып барып жатышат. Учурда Абшыр-Ата айымдары ассоциациясы окутуулардан өтүп, Кулатов айыл өкмөтү тарабынан 1 гектар жер менен камсыз болушту. Бул жерге 415 түп алча отургузуп, тамчылатып суугарууну башташты.

Абшыр-Ата ассоциациясынын мүчөлөрү окутуудан өтүп жатышкан учуру

Ассоциациянын жетекчиси Санавар Каратаева
Абшыр-Ата аялдар ассоциациясынын негиздөөчүсү Санавар Каратаева бирикмени түзүүнүн негизги максаты аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болду дейт.
Санавар Каратаева: «Биздин ассоциация 2014-жылы май айында түзүлгөн. Биринчи түзүлгөндө 38 мүчөсү бар эле. Бүгүнкү күнү 45 мүчөсү бар. Ассоциациянын мүчөлөрү 30 жаштан 60 жашка чейинки жумушка жарамдуу, активдүү аялдар».

Айымдар айыл чарба багытында окуудан өтүүдө
Бирикме учурда төрт долбоор менен иш алып барып жатат. Долбоорлор алкагында бирикменин мүчөлөрү укуктук билимдер, бизнес план түзүү, мөмө жемиштерди жана бактарды кантип туура өстүрүү керектигин үйрөнүп жатышат.

Долбоордун алкагында көчөт отургузуу учуру
«Кулатов айыл өкмөтү тарабынан учурда бир гектар жер бөлүнүп берилди. Айыл өкмөттүн фондунда жер болбогондугуна байланыштуу жайыт жеринен бир гектар жер 5 жылдык мөөнөткө берилди. Тигилген бактар мөмө бергенге чейин салык төлөөдөн бошотулдук. Бул беш жылдык мөөнөт 49 жылга узартылат буюрса. Бул боюнча айыл өкмөт менен келишим түзүлө элек. Качан тиккен бактарыбыз мөмө берип баштаганда мамлекетке салык төлөй баштайбыз», — дейт Санавар Каратаева.

Ассоциациянын мүчөлөрү эмгек үстүндө
415 түп алча көчөтү жана тамчылатып суугаруу үчүн керектелүүчү каражаттар долбоорлордун негизинде ишке ашырылууда. Ассоциациянын мүчөлөрү эрте жазда көчөттөрдү отургузуп жана алардын куурабай көктөөсү үчүн тамчылатып суугаруу менен алектенип келишет.
Бул макала Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова