2021-жылдын февраль айынан тарта Алмазбек Аситов “Кочкор Тазалык” ишканасынын директорлук ишин аткарып баштаган.
“Кочкор Тазалык” ишканасы 1996-жылга чейин коммуналдык чарба болуп келген. 1996-жылдан баштап 2015-жылга чейин “Ынтымак-Ырыс” акционердик коом болуп уюшулган. 2015-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин ”Кочкор Тазалык” муниципалдык ишканасы, айыл өкмөттүн алдында иш жүргүзөт. Ишканада ГАЗ-53 таштанды тарткан төрт унаа, бир МАЗ, эки автовышка, эксковатор техникалары бар. Ишканада жалпы отуз бир адам иштейт.

Алмазбек Аситов: “Бир күндө Кочкор айылынан 27 тонна таштанды чыгарылат. Таштандыларды таштоо полигону Семизбел айыл өкмөтүнө таандык жерде жайгашкан жана ал жер “Кочкор Тазалык” ишканасы тарабынан ижарага алынган. Экологиялык абалга эч коркунучу жок, анткени Орто Токой суу сактагычынан 300 метр алыс жайгашкан, котловина терең казылган жана жума сайын ишембилик өткөрүп турабыз”,- деп билдирди.

Алмазбек Аситов
Унаалар алдын ала түзүлгөн график боюнча таштандыларды чогултуп турушат. Мисалы, дүйшөмбү күнү Тендик айылына, шаршемби күнү Исакеев айылына, ал эми жекшемби күндөн сыркары башка күндөрү Кочкор айылынын ар бир көчөсүн тейлейт. Майрам күндөрү дагы графиктен чыкпай ишкана кызмат көрсөтөт.
Сюита Түмөнбаева