Кочкор районундагы “Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин” жетекчиси Эстен Тойтоев “Баткенге жардам” аттуу акцияны демилгелеп, уюштуруу иштерин жүргүздү.
Аталган акция 1- майдан 8-майга чейин өткөрүлүп, Кочкор районундагы бардык айылдардын жашооочулары өз салымдарын кошушту.
Райондогу айылдардын жашоочулары, тургундары акча, кийим кече, азык — түлүк түрүндө жардам беришти. Эсен Тойтоевдин айтымында акциянын алкагында 1 млн 20080 сом суммадагы акча чогулду.
Эстен Тойтоев: “Акция учурунда 5-6-класстын окуучулары көптөн бери чогултуп келе жаткан кутучасындагы акчаларын алып келип берип жатышты, андан тышкары пенсия курагындагы апалар, аталар пенсиясын мүмкүнчүлүгүнө жараша берип жатышты. Ал эми кээ бир апа-аталарыбыз өздөрүнүн ак батасын беришти. Чогулган жардам 14-май күнү Баткен жергесине жөнөтүлөт”.
Капар Кыдыралиев орто мектебинин география сабагынын мугалими Нурия Карымбаева: “Кочкор айылындагы бардык мектептерде иштеп жаткан мугалимдер атайын белгилүү бир суммадагы акчаны чогултуп, райондук билим берүү борборуна өткөрүп бердик. Ал акча Баткен элинин муктаждыктарына жиберилет”.
Азиза Максатбек кызы