
Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин имараты
2021-жылдын май айынын акырында, Сүлүктү шаарындагы өз күчү менен ар кайсы тармакта ишкердик кылып, аз болсо да элге тейлөө көрсөтүп келген жарандар, өз ара макулдашып, шаардык Кенештин алдында юридикалык жак катары каттоодөн өтүп, официалдуу түрдө ишкердүулүктү баштоо үчүн бирикти.

Сүлүктүлүк чакан ишкерлердин бирикмесин түзүүчүлөр
“Биз буга чейин ар кимибиз эптеп өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп, колдон келген аракетибизди жасап келгенбиз. Мен тигүүчү машинкалар менен эле үй шартында буюртма алып, кошумча киреше тапканга аракет жасап келемин. Колумдан иш келээрине көзүм жетти, эми мындан ары официалдуу ишкердик жүргүзүп чакан бизнести түзөм деп жатамын”, -дейт элге таанымал болгон чебер Бактыгүл Салимова.

Көмөкчү мектеп-интернаттагы тигүү устаканасы
“Мен 3-4 жылдан бери үй шартында, пластик эшик, терезелерди жасап, элге тейлөө көрсөтүп келе жатамын. Акырындап акча топтоп заманбап жабдууларды алып, пластик жана жыгач материалдарды айкалыштырып иштете турган цех түзөйүн деп жатамын. Ошондуктан юридикалык жак катары бирикмени түзүүчүлөргө биринчилерден болуп катталдым”,- дейт Алтынбек Айтемиров.

Чакан ишкер Алтынбек Айтемиров иш учурунда
“Акыркы мезгилдердеги аймагыбызда болгон чек ара маселелери, пандемия шарты мени катуу ойго салды. Акырында ойлонуп отуруп өзүм жакшы билген санаалаштарыма айтып, ар кимибиз ар кайсы тармакта өзүбүз менен өзүбүз болбой, биригели, долбоорлор менен, арзан пайыздагы насыялар менен иш жүргүзөлү, бирикме түзөлү деп сунуш киргиздим. Сунушум колдоого алынып, ишкерлердин бирикмеси катары официалдуу кадамдарыбызды баштадык”,- дейт Айназ Айдаралиева.

Чакан ишкерлер бирикмесинин башкаруу кенеши
Өздөрүнө- өздөрү продюсер болуп топ түзгөн энелердин эл билбеген сырлары
Бакытбек Сапаркулов