Айыл жеринде жай мезгилинин башталышы менен айыл тургундары бала-бакыралары менен жайлоого чыгышат. Жайлоодо балдар табиятка жакын болушат. Себеби, антенна тартпайт, телефон менен отурган баланы көрүүгө мүмкүн эмес, шаардагыдай тез татымдар жок, натуралдуу тамактанышат, газдалган, кант кошулган суусундук эмес, ордуна кыргыз элинин улуттук суусундуктары жарма, чалап, кымыз ичишет.

Өспүрүм балдардын организимине бээнин сүтү, уйдун сүтү, айран, сүзмө ж.б. абдан пайдалуу.
Азыркы пандемия шартында жайлоого бээнин сүтүн ичкени келген адамдар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп. Элде бээнин сүтү адамдын организимине керек болгон бардык микроэлементтерге бай, иммундук системаны бекемдейт, көптөгөн оорулардын алдын алат деп айтылып келет.

Рысбай ата жубайы Жамиля апа менен бээ саап жаткан учуру
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургундары Рысбай ата жубайы Жамиля апа жыл сайын жайлоого чыгышып, желе байлашат. Бээнин сүтүн ичкени шаардан, айылдардан адамдар көп келишет. Быйыл да жайлоого үй-бүлөсү, балдары менен көчүп келип, сүт ичкени келген меймандарга шарт түзүп беришкен. Меймандар үчүн атайын боз үй тигилген, тамак аш бышыруучу жайлар уюшулган, тамактануу үчүн вагон алынып келинген. Ар бир эки саат сайын бээ саап, келген меймандарга жылуулай сүтүн беришет. Бээнин сүтү менен дарылануу 7 күндөн 10 күнгө чейин созулат жана да Үркөр жылдызы чыкканга чейин гана ичилет.

Рысбай атанын үйүнө бээнин сүтүн ичип, дарыланууга келген меймандар
Ал эми мектеп окуучуларынын жайкы эс алуу күндөрүнө койгон пландары, максаттары кандай?

10-классынын окуучусу Анара Саламатова
“Менин жайкы эс алуум Ысык-Көлдө Жетиген лагеринде өтүп жатат. Мен бул лагерге конкурстук негизде тандалып алынып, Кыргызстандын 7 областынан келген эң мыкты, ар тараптуу окуучулар менен иш алып барып жатам. Лагерге жөн гана окуучулар эмес, көптү көргөн көрөгөчтөр келишкен экен. Мунун натыйжасында биз бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, тайпаларда иштеп, мыкты көрсөткүчтөрдү тартуулоодобуз. Эң негизгиси биз бир үй-бүлө болуп калдык.
Лагерге сунуш таштоо үчүн атайын даярдалган анкетаны толтуруп, жетишкендиктер тууралуу эссе жаздым. Бактыга жараша баары жакшы жагынан чыгып, ийгиликтүү болду. Бул жакка 45 окуучу келип үч отрядга бөлүндүк: кызгылт сары, жашыл, көк түстөгү кийимдер менен. Бул жакта республика боюнча эң мыкты тренерлер жаңы методдор менен кызыктуу сабактарды өтүшөт, андан соң тайпалар алган билимибизди иш жүзүндө актерлук чеберчилик, ораторлук жана мультимедиа чеберчилиги менен элге тартуулап, кенен жеткирүү ишин алып барабыз. Эң мыкты тайпага кубок тапшырылып ж.о.э. жигердүү окуучулар тандалып алынып, администратор тарабынан сыйланат. Менин эс алуум ойдогудан дагы өзгөчө өтүп жатат.”

6-классынын окуучусу Адылхан Эсенгулов
“Мен азыр каникул убагында бош отурбастан тез окуу курсуна катышып жатам жана менин максатым тез окуу курсун ийгиликтүү аяктап, үч айда, жок дегенде, отуз китеп окуп чыгуу. Китеп окуганга аябай кызыгам. Онлайн окуу мага абдан пайдасын тийгизди, себеби, убакыт көп болгондуктан мен көптөгөн китептерди окуп чыгууга жетише алдым.
Мен программист болууну каалайм, карантин учурунда программаны үйрөткөн адистерден көрүшпөсөк дагы онлайн үйрөнүп жаттым. Жайкы эс алуу күндөрүмдө “Рython” программалоо тилин онлайн окуйм.”

6-классынын окуучусу Танзиля Марлисбекова
“Адамдар үчүн пандемияда чек аралар, коомдук жайлар, коомдук транспорттор абдан коркунучтуу. Ал эми окуучулар чынында пандемияда үйлөрүндө отуруп зээригишет. Бирок бул биздин өзүбүздүн эле коопсуздугубуз үчүн. Окуучулар эс алууну сөзсүз эле башка жакка саякатоо менен эле токтолбой, эс алууну үйдө деле уюштурса болот. Мисалы, кызыктуу оюндар менен алектенип, музыкалык аспаптарда ойноп, кызыктуу китептерди окуп, сүрөт тартып убакытты өткөрсө болот, же атаңа же апаңа жардам берип, эс алса да болот. Бирок көп эле окуучулар муну түшүнө беришпейт. Эң башкысы жакын туугандарың менен убакытты өткөрүп, туугандарыңдын баркын билип эс алгандан башка эң жакшы эс алуу жок деп ойлойм.”

10-классынын окуучусу Улук Курманбеков
“Мен азыркы учурда ЮНИСЕФтин “Коопсуз мектеп жана бала бакча” долбоорунун алкагында иш алып барып жатышкан волонтерлордун катарындамын. Бул долбоорго волонтер болууга мага мектебибиздин математика мугалими Койчуманова Айнакан Токтакуновна түрткү болду. Эжейибиз дал ушул долбоордо көп жылдан бери иш алып барып келет. Мен Кыргызстан менен гана чектелбестен, чет мамлекеттерде да долбоордун алкагында иш алып баруу максатым бар. Бул максатты ишке ашыруу үчүн мен англис тилин үйрөнүп жатам. Мурдагы жылы пандемияга байланыштуу курстарды толук бүтпөй калдым эле, быйыл улантып окуп жаткан учурум. Буюрса, алдыда көптөгөн семинарларды, тренингдерди уюштуруу пландарыбыз бар.”
Акылай Алмазбекова