Бактыгүл Сагынбек кызы Талас облусуна караштуу Бакыян айылында ишкерлик менен алектенет. Балдарга билим берүү борборун ачкан Бактыгүл айым бул аракетин биринчи кезекте ишкерлик эмес, билимдүү коомду курууга кошкон салымым деп эсептейт.

Бактыгүл Сагынбек кызы Бакыян айылында билим берүү борборун ачкан ишкер
— Саламатсызбы? Мугалим катары ишкерликке багыт алууңузга эмне түрткү болду?
— Мен кесибим боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалиммин. Эки жарым жылдан бери декреттик өргүүдө болчумун. Быйыл кайра мектепке жумушка чыктым. Бирок, ага чейин пандемияда эки жыл үйдө бош болуп калдым. Мектептеги жумушума кайтайын десем, саат жетишпей үйдө болууга аргасыз болуп калдым. Ошол учурда бир нерсе жаратууга аракет кылдым. Убактымды бош өткөргөн жокмун. Ар түрдүү тренинг, семинарларга катышып, бизнес идеялар менен жашадым.
— Адатта, ишкерлик кылсам деген адам миң түрлүү идея менен жашайт эмеспи. Сиз өз багытыңызды кантип аныктадыңыз?
— Анализ кылып көрсөм, буга чейин деле айылдаштарым мага мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөгө даярдап бербейсиңби деген сөздөрдү көп айтышчу. Кыргыз тили ЖРТдагы негизги тест болгондуктан, суроо – талап көп болду. Ошол идеяны жазып, имарат издеп баштадым. Аны менен бирге айыл ичинен сурамжылоо жүргүздүк. Биз ойлогондой эле балдарыбыз билимдүү болсун деген ата-энелер көп экен. Мындан кийин инвесторлорду издедик.

Бактыгүл Сагынбек кызы: Жай мезгилине карабай ийримдерге кырктан ашык бала катышты
— Айыл жеринде имарат жана инвестор табуу жеңил эле болдубу?
— Билим борборун мектептин ичине ачалы дегенбиз. Бирок, мыйзамга ылайык акы төлөнүүчү сабактар акы төлөнбөөчү жайда ачылбашы керек экен. Мындан тышкары айылда маданият үйү бар. Анын бир бөлмөсүн гана китепкана ээлеген. Концерт деле айылга айда – жылда бир келет эмеспи. Ошол менен маданият үйүнүн бир бөлмөсүн жайында бизге ачып беришти. Биз өзүбүз бир нукка түшүп, иштеп кеткиче айыл өкмөт тарабынан ижара алынбай турган болду. Электр энергиясын дагы айыл өкмөт камсыз кыла турган болду.
— Окуу борборуңуз жай мезгилинде ачылган экен. Бул учурда балдар каникулга кетет эмеспи…
— Ооба, биз 1-июнь балдар күнүндө ачылдык. Кыргыз, орус, англис тилдери, математика жана балдарды мектепке даярдоо боюнча иштедик. Каникул болсо дагы балдар келип жатышты. Лицейге тапшырам деген балдар дагы даярданып, жакшы жыйынтыкка жетишти. Биздин айылда бир дагы орус класс жок болгондуктан, орус тилине суроо-талап көп болду. Ошондой эле англис тилине кызыккандар абдан көп. Ал эми кыргыз тилине “чымыны бар” деп коет эмеспизби. Дилбаян жазууга кызыккандар катышып келет. Кыргыз тили курсун ачпай эле коеюн деп ойлогом. Анткени, айылдагы элдин бардыгы эле кыргыз тилдүү эмеспи. Бирок, кызыккан балдар-кыздар өздөрү келе баштады. Алар адабий тилдин нормасында сүйлөөнү, дилбаян жазууну, орфографиялык каталарды кетирбөөнү үйрөнүшөт.

Бактыгүл Сагынбек кызы: Мектепте мага саат жок болгондуктан, тынч отура албай окутуу борборумду ачтым.
— Жеке ишиңизди ачууда коркунуч болбой койбосо керек…
— Ооба, бардык нерсени баштоо кыйын эмеспи. Буга мен кандай жол менен келдим? Мектепте мага саат жок болгондуктан, тынч отура алган жокмун. Ата-энелер менен дагы жакшы иш алып баргандыктан, өзүмдө ишеним бар эле. Коркунуч эмес, толкундануу болду десем туура болот. Окуучулар келбей коет деп корккон жокмун. Анткени, мен ишимди баштаган учурда пандемия болуп, ата-энелер үйдө балдары менен бирге отуруп калды. Алар үйдөн балдарына сабак берүүнүн оор экенин түшүндү. Ал эми биз мугалим болгон үчүн бул нерсени жеңип өтө алдык.
— Сиз өзүңүздү биринчи кезекте ишкермин деп эсептейсизби? Же мугалимби?
— Ишкерлик менен алектенип, акча табууну биринчи планга койгон жокмун. Мугалим катары келечек муун сабатсыз болуп калбаса экен деген тилек. Бирок, бизнесте бизнестегидей жүрүш керек деп айтылат. Ошондуктан, бул багытты дагы таттыктуу алып кетүү максатым бар.
Касиет Кубанычбек кызы