Жалпы өлкөнүн мугалимдери үчүн «Санарип мугалим Дубай» сынагы башталды. Конкурс этаптардан туруп, май айына чейин уланат. Жеңүүчүлөр июнда Дубайга эс алууга жана тажрыйба алмашууга барышат.

Мурдагы жылкы Санарип мугалим сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учурунда
“Санарип академия” окуу борборунун директору, “Санарип мугалим” конкурсунун уюштуруучусу Асылбек Мадалиев мугалимдер арасында мындай сынакты 3-ирет өткөзүп жатышканын билдирди. Сынактын максаты жаңы технологияларды пайдаланып окуучуларга кызыктуу сабак өтүүсүн камсыз кылуу:
“Биринчи жолу 2019-жылы уюштуруп, ага 700гө жакын мугалим катышып алардын ичинен 12 жеңүүчү мугалимди Түркия мамлекетине эс алууга жөнөткөнбүз. Экинчи жолу 2020-жылы баштадык ал уланып жатат мартта жыйынтыгы чыгат. Ал эми «Санарип мугалим Дубай» конкурсун баштаганы турабыз. Биздин окутуу борбору мугалимдерди жаңы технологияларга окутуп келет. Алган билимдерин практикада колдонуу үчүн деги эле стимул берүү максатында жыл сайын мындай сынактарды уюштуруну колго алганбыз.”

Конкурстун шарттары:
Эмне үчүн мугалимдер санарип технологияларын өздөштүрүш керек?
Себеби учурда жаңы маалыматтык технологиялардын заманы болуп жатат. Биздин окуучулар мугалимдерге караганда жаңы технологияларды жакшыраак билип, өздөштүрүп алышкан. Бул учурда мугалимдер эски салтуу билим берүү методдорун колдонушса азыркы балдарга кызыксыз, тажатма болуп жатат. Ошондуктан билим берүү дагы жаңыланып туруш керек, жаңы технологияларды ар бир мугалим өздөштурсүн деп курстардын, конкурстарды уюштуруп жатабыз.
Каржы булагыбыз окуу борборунан түшкөн каражаттар. Катталуу үчун белгилүү бир сумманы жазганыбыздын себеби сынакка катышкан ар бир мугалим белек алгысы келет экен. Алгачкы сынактарда бул мүчүлүштүктү сезип катталып жаткандагы вызносту аларга белек алганга уюштуруп койдук.
Каттоодон өтүү үчүн бул форманы толтуруу зарыл.
Каттоо 1-февралга чейин уланат. Катталуу баасы 1800сом.
Айгерим Кубатбекова