Кыргызстандын жарандары Венгрия, Кытай, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө гранттык негизде билим ала алат. Анда студенттин окуусу акысыз болуп, жатакана, стипендия жана медициналык камсыздандыруу берилет. Бул тууралуу Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев чет өлкөдө кантип гранттик негизде билим алууга болорун айтып берди.

Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев
— Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу гранттык негизде кайсы өлкөлөрдө билим алууга болот?
— Чет өлкөдө окууну каалаган жарандар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өкмөттүк жана ведомстволор аралык келишимдин негизинде жиберилет. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги ар кайсы мамлекетттер менен түзгөн ошондой келишимдер бар. Алардын бири — Орусия Федерациясы. Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, жыл сайын Кыргызстандын жарандарына Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн атайын орундар түзүлөт. Буга чейин алардын саны жылына 375ке чейин болсо, ушул жылга 500 орун бөлүнгөн. Негизи, биз башында 750 орун сурап жатканбыз. Азыр дагы каралып жатат. Балким келе жаткан жылдарга дагы бул көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн.
— Орусиядан башка дагы кайсы өлкөлөр менен келишим түзүлгөн?
— Кытай Эл Республикасында бизге эки макулдашуу алкагында орундар бөлүнөт. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы келишимге ылайык жана эки министрлик ортосундагы келишимге ылайык. Жалпысынан 70 орун бөлүнөт. Кытай Эл Республикасында бизнести башкаруу, агроинженерия деген багыттар ачылып жатат. Ушундай адистиктерге биз көбүрөөк көңүл буруп, бул адистиктерде биздин жарандардын билим алуусуна багыт берип жатабыз. Анткени, бул кесиптин ээлери аз.
— Венгрия өлкөсүнө дагы гранттык орундардын саны көбөйдүбү?
— Венгрия менен 2016-жылдан баштап тыгыз иштеп жатабыз. Кыргыз Республикасынын жарандарына квоталык бюджеттик орундар бөлүнөт. Мындан беш жыл мурун 25 орун бөлүнсө, азыр анын көрсөткүчү 200гө жетти. Учурда, конкурсттук тандоо жүрүп жатат. Анын 100 оруну — бакалвр, 50 оруну – магистратура, 20 оруну – докторантурага бөлүнсө, ал эми 30 оруну – Венгриянын билим берүүдөгү бир деңгээл системасына бөлүнөт. Т.а бакалаврга кабыл алынган студент аны бүткөн соң дароо магистратураны улантат. Англис тилин билгендер үчүн Венгрияда билим алууга жакшы шарттар бар. Декабрдын башында конкурс тууралуу жарыя бергенбиз. Бул 15-январга чейин уланды. Венгрияда студент өзү каалаган адистик боюнча билим алса болот. Бирок, Билим берүү жана илим министрлиги катары биз дагы өлкө үчүн приоритеттүү багыттарды бөлүп алабыз. Мисалы, медицина, айыл чарба, IT.
— Казакстанда жылына канча студент гранттык негизде билим ала алат?
— Бюджеттик орундар 2006-жылдан тарта эки министрлик аралык келишимдин негизинде бөлүнөт. Тилекке каршы, орундар аз. Биздин жарандардын муктаждыгын жаппай жатат. Ушул учурга чейин 5 эле орун бөлүнсө, азыр протокол иштелип чыккан. Эгер казак тарап ага макул болсо, гранттык орундар 50 чейин көбөйөт.
— Кыргызстандын жарандары чет өлкөдө кайсы адистиктерде окуй алат?
— Кыргыз тарап приоритетти педагогика жана табигый илимдер жаатына багыттап жатат. Жылдан жылга биздин мектептерге химик, физик, биолог мугалимдер жетишпей бара жатат. Андан тышкары орус тили жана адабияты боюнча дагы мугалимдер дагы тартыш. Эмнегедир биздин педагогикалык окуу жайлар даярдап жаткан адистиктердин басымдуу бөлүгү кыргыз тили жана адабияты боюнча даярдалып чыгат экен. Ошондой эле агроинженерия, бизнести башкаруу адистиктери дагы Кыргызстан үчүн приоритеттүү.
Белгилей кетсек, аталган гранттык окууларда билим берүү бекер каралат. Жаткана бөлүнүп, стипендия төлөнөт. Медициналык камсыздандыруу каралат. Тилекке каршы тамак-аш жана учак, машина менен барып келүүгө жол киреси каралбайт.
Жаштарга АКШда билим алууга мүмкүнчүлүк бар
Психолог: Максаттарыңыздын жол картасын түзүңүз
Касиет Кубанычбек кызы