Борбор калаанын көчөлөрүндө бош жүргөн иттер, шаар тургундарын кооптондурат. Алардын арасынан көчөдө элди каап алган учурлар дагы кездешкен. Мындан улам ит атарлар, иттердин санын кыскартууга аракет кылышса, айрым шаар тургундары менен бирге жаныбарларды коргогон активисттер, мэриянын бул ишин сынга алышууда.

Жолбун ит
«Тарс деген үн угулду»
Калича Болотбекова ит атарларга жана шаардык мэрияга нааразы. Анткени анын үйүндөгү жакшы көргөн итин былтыр кышында атып кетишкен. Окуя кызынын көзүнчө болуп, жүрөгү кармап ооруканага жатып даарыланып чыккан. Ал бул окуяны көзүнө жаш алуу менен эскерет.

«Кыргызстанга эмнеге иттерге мындай мамиле жасашат? Былтыр мен жумушка кетип, үйдө кичүү кызым калган. Итибиз бош эле жүрчү, элге эч кандай зыяны жок болчу. Кызымдын айтуусу боюнча тарс деген мылтыктын үнү угулуптур. Аңгыча эле иттин каңшылаган башкача үнү чыккан. Кызым эшикке чуркап чыкса эле ит атарлар итти унаага салып атыптыр. Дароо мага ыйлап телефон чалды “итибизди атып кетти” деп. Мен келсем эшикте кандын тактары бар экен. Кызым ошол күнү ооруп калды, ооруканага алып барып бир жума даарылаттым», — дейт ал.

Бишкек шаарындагы жолбун иттер
Болотбекова бул окуядан кийин мэрияга жаныбарларга аяр мамиле жасоону өтүнүп, кат менен кайрылган. Бирок бул аракетинен эч натыйжа чыккан эмес. Анын айтымында, өзүнүн итин элге зыяны тийбегендей кылып, жылына бир нече ирээт дарылатып турчу.
Ал эми Мухамбет (аты өзгөртүлдү-ред) быйыл кышында 2-класста окуган уулу мектепке бараткан кезде жолбун ит талап, каап алган.. Ал бул окуядан кийин жолбун иттерди жок кылуу керек деп эсептейт.
«Менин балам эртен менен сабакка барат. Баламды мектепке жеткиргенге убактым жок. Анткени мен дагы жумушка барышым керек. Бир күнү балам окууга баратканда кошунабыздын ити тиш салган экен. Шымын айрып кетиптир. Кудайга шүгүр тиши кирбептир. Бул окуядан кийин чочуп калдым. Негизи итти бага албагандан кийин бакпай эле коюш керек. Элге зыяны тиет, андан көрө атып, жок кылыш керек», — дейт ал.
Шаардык мэриянын расмий статистикалык маалыматына ылайык, 2021-жылы ит- мышык тиштеп, медициналык жардам сурап кайрылгандардын адамдардын саны көбөйгөн.

Көчөдөгү топтошкон иттер
Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?
Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Тимур Шабатоев жолбун иттер, жергиликтүү тургундардын даттанууларынын негизинде гана атыларын билдирди.

Тимур Шабатоев
«Бизге жарандардан иттерди жок кылуу боюнча телефон чалуулар келип түшөт. Иттер ошонун негизинде гана атылат. Ал эми атылган иттер атайын жасалган чуңкурга көмүлөт. Жаныбарларды атып жок кылуудан башка деле ыкманы колдонсо болот. Бирок бул биздин ишибизге кирбейт, мэриянын ишмердүүлүгүнө кирет. Үч жума мурун эле так ушул маселе боюнча активисттер менен тегерек стол уюштурдук. Башка дагы фонддордун өкүлдөрү менен дагы жолугушуп, иттерди атпоодон башка ыкмаларды мэрияга сунуштадык»,—дейт ал.
«Атуудан башка ыкманы колдонууга болот»
Ал эми иттердин укугун коргогон активист Майя Акунова ит-мышыктарды атпай башка ыкманы колдонуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстанда жыл сайын жаныбарларга аёосуз мамиле жасалып келет. Ал бул маселени тез арада чечүү керектигин айтып, маселени чечүү жолдорун сунуштады.

Активист Майя Акунова
«Алы жок жаныбарларды жыл сайын аёосуз атышат жана башка ыкмаларды колдонуп өлтүрүшөт. Бул маселе учурда абдан актуалдуу көйгөй болуп калууда. Мен жарадар болгон иттерди чогултуп, дарылатам. Биздин өзүбүздө дагы чоң командабыз бар. Алар биздин үй-бүлө. Ооруган жана ок тийген иттерди айыктырып, багып алам деген адамдарга беребиз. Негизи Кыргызстанга иттерге көңүл буруп, алар үчүн кам көргөн адамдар аз. Башка өнүккөн өлкөлөрдө адам өзүнө кандай кам көрсө иттерге дагы ошондой кам көрүшөт. Бийлик өкүлдөрү “итти атып жок кылуу аргасыз көрүлгөн чара” дебей, тескерсинче башка ыкмаларды колдонсо болот да. Мисалы, иттерди зыянсыздандыруу боюнча чиптерди такса болот. Ал чип адамга болгон агрессияны алып коёт. Же тукумсуз кыла турган да кылып койсо болот», — дейт ал.

Жолбун иттерди коргоо боюнча митинг. Сүрөт: Акунованын жеке архивинен
Анын айтымында, Германияда дагы ушул ыкма колдонулат. Ал жакта ар бир жаныбарга чип тагылат, анын жардамы менен, жаныбар жоголуп кетсе, ээсин таап, ага кайтарып берет. Эгер ошол иттин ээси табылбаса, жаныбарды башка адамга сатышат.

Ок тийген ит
Мындан тышкары, жаныбарга тиешелүү шарт түзүлгөн. Ал жакта таза, жылуу, күн ысыгында же жаандан коргогон жайы бар, убагында сейилдеп турушун текшерген атайын кызматтар бар. Эгер ал шарттар сакталбаса, жаныбарды ээсинен алып кетип, айыпка жыгышы мүмкүн.
Майя Акунова командасы менен соцтармакта дагы иш алып барат. Ал жакка ит-мышыктарга кожоюн издеп, жарнамалары жарыялап турат. Кээде кайдыгер карабаган жарандар операция же дарылоого деп акча которуп коет. Бирок каражаттын басымдуу бөлүгүн ал өз чөнтөгүнөн чыгарат.

Дарыланып жаткан ит
Анын командасынан башка дагы соцтармакта жаныбарларды коргоо боюнча иш алып баргандар бар. Алардын катарында Камилла дагы бар. Ал дагы Акунова сыяктуу эле ит-мышыктарды коргоо боюнча иш алып барат.
Учурда борборда убактылуу баш калкалоочу жайдан эки-үч гана жайы бар. Алардын бири Кара-Балта шаарында жайгашкан. Азырынча ал жерде 48 ит жана 14 мышык жашайт.
Брижит Бардо фонду
Ал эми Кыргызстандагы жолбун иттерди атуу көйгөйүн 2021-жылы француз актрисасы Брижит Бардо көтөргөн. Бардо президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолбун жаныбарлардын көбөйүүсүнө каршы күрөшүү стратегиясы боюнча кызматташууну сунуштап, ит-мышыктарды коргоо боюнча фонд түзүлгөн.

Стерилизацияланган иттер
Анын демилгеси менен фонд жана Кыргыз-Француз экотуризм ассоциациясы Кара жыгач багындагы жолбун иттерди стерилизациялоо боюнча «Кумайык» пилоттук долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында вакцина алып жаткан иттер. Стерилизацияланган иттер
Долбоордун алкагында Индиядан келген эксперттер 2021-жылы жергиликтүү ветеринарлар үчүн тренинг өткөргөн. Окутууда дарыгерлер 37 итти стерилизациялаган. Кийин “Манас» Кыргыз-Түрк университетинин клиникасында дагы миңден ашуун итти стерилизцияламакчы. Стерилизациядан өтүп, вакцина алгандан кийин иттер мурдагы жашаган аймагына бошотулат. Бирок бул жолу иттердин кулагына бирка тагылып, кийин аларды идентификациялоого мүмкүн болот.
Эл аралык тажрыйба
Турция, Щвеция, Германия, Франция, Греция, Грузия жана башка көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө жолбун иттерди популяциясынын көбөйүү көйгөйүн мыйзам аркылуу чечилген. Анда жаныбардын ээси жооптуу. Ит-мышыктардын болочок ээлери атайын окуудан өтүп, жаныбарын каттап, салык төлөйт. Ал эми жоопкерчиликтен баш тартса, жазаланат.

Жолбун иттер үчүн жасалган үйлөр
Түркия менен чектеш Түндүк Кипрда иштеген кыргызстандык журналист Кумара Сагыналиева бизге ал жактагы иттерге карата жасалган мамилелер менен бөлүштү. Анын айтымында, иттер үчүн да атайын шаарчалар курулган.
«Бул жакта атайын фонддор бар, алар иттердин тамак-ашына, ден соолугуна акча төлөйт. Ошол сыяктуу эле, муниципалдык жаныбарларды сүйгөн адамдар аларга ыктыярдуу жардам беришет. Мен алгач бул жакка келгенде көчөдө кетип баратып, жыгачтан жасалган кадимки эле иттердин үйүн көрүп, жолдун ортосунда да ушундай болобу деп таң калгам. Көрсө, ал жолбун иттер үчүн атайын жасалган экен. Көчөдө тамак көтөрүп кетип жаткан адамдын каякка баратканын сурасаң, «жолбун иттерге» десе таң калбай эле койсок болот. Себеби, жаныбарларга болгон мамиле өтө аяр. Иттер дагы адамга кол салбайт», — деди ал.
Дилде Шатанова
Сүрөттөрдүн автору: Кумара Сагыналиева, Майя Акунова, Бишкек шаардык мэрия, Дилде Шатанова