«Кризистик коммуникация жамааттары» долбоору өлкөдөгү кризис учурунда 3 секторду бириктирип, коммуникация борборун түзүп, элге туура так маалымат берүүгө багытталган. Коммуникация борборунда жарандык, мамлекеттик жана медиа секторлору чогуу, биргеликте иш алып барышат.
Семинарга Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан 4 жамааттык мультимедиа борборлордун жетекчилери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттер катышышты. Мындан тышкары семинарга Экономика министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү келишти.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова катышуучуларга долбоордун багыты, аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди

Семинардын тренери Сүзанна Молл «Кризистик коммуникация жамааттары» долбоорунун максаты, жүрүшү менен катышуучуларды тааныштырды

Семинардын катышуучулары
“Кризистик коммуникация жамааттары” долбоорунун алкагында ар бир медиа борбор 4 ай ичинде райондук, облусттук деңгээлдеги социалдык, экономикалык абал, баалардын өсүшү тууралуу контент жасашат. Даярдалган материалдар kyrgyzmedia.kg сайтына жарыяланат.

Топ менен иштөө учурунда
Тренер Чолпон Узакбаева менен катышуучулар ортосунда кризистеги кыйынчылыктар жана тажрыйбалар тууралуу талкуу жүрдү.

Семинардын тренери Чоробек Сааданбеков
Катышуучулар Чоробек Сааданбеков менен учурдагы кризис катышуучулардын күнүмдүк турмушуна кандай таасир тийгизгени боюнча талкуулашты.

Презентацияга даярдануу учуру

Семинардын аягында ар бир медиа жетекчиси топ менен биргеликте даярдаган презентациясын жакташты
Бул долбоор DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.