Куурма чай кыргыздын байыртадан келе жаткан улуттук ысык суусундуктарынын бири. Ал адамга күч-кубат берип, абдан тоюмдуу. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.

Куурма чай кантип жасалат?
Адегенде койдун сызгырылган куйрук же бөйрөк майына, ошондой эле сары майга унду же талканды күйгүзбөй кызарта кууруйт. Чайнекке чай салып, үстүнө кайнак суу куюп демдейт. Андан соң чамасын сузуп, кочкул коюу маңызына сүт же каймак кошуп, куурулган унду чалып туз татытып, казанга кайнатат. Бир аз кайнаган соң оттон чыгарып, татуу (бал, кант, набат) салып аралаштырат. Ошентип куурма чай даяр болот.

Канымбүбү апа: «Куурма чай унутулуп баратканы өкүнүчтүү»
Кыргыз элинин улуттук тамагы куурма чай тууралуу Кара-Суу айылынын тургуну Канымбүбү Касымалиева буларды айтып берди: «Куурма чай кыргыз элинин улуттук тамактарынын бири. Кыргыздар кыйынчылык учурда куурма чай жасашкан. Куурма чай жасоо үчүн тоң майга унду кызарта кууруп, ага сүт жана кызыл чай кошобуз.Куурма чай абдан адамга жагымдуу келип, бетти кызыл кылат. Куурма чайдын ден-соолукка да пайдасы бар. Куурма чай бүткөн бойду жибитип, иче карынды кеңейтет. Азыркы жаштар куурма чай эмне экенин билишпейт, унутулуп баратканы абдан өкүнүчтүү».

Зарыл апа-Кара-Суу айылынын тургуну
Ушул эле айылдын тургуну Зарыл Байсариева куурма чай тууралуу мындай деп өз оюн айтты:
«Мурун нан аз болуп, даамдуу жана адамды ток кылат деп куурма чай жасашчу. Куурма чай жасоонун да өзүнүн эрежеси бар.Аны жасоодо унду кылдаттык менен аралаштырып кууру керек. Эгерде майды ысытып унду салып куурарда унду көп салып алса же болбосо аралаштырып турбаса бүртүк болуп жакшы бышпай калат. Азыркы учурда замандын өзгөрүшүнөнбү же адамдын көз карашынын өзгөрүлгөнүнөнбү куурма чай жасалбай калды. Өсүп келе жаткан жаш муундар муну биле жүрсө жакшы болмок».

Куурма чай күч-кубат берүүчү касиетке ээ
Айпери Шаршеналиева