Куурма чайды ата-бабалар илгертен кадырлап ичип келишкен, бирок учурда бул азык унутулуп бара жаткандай. Азыркы мезгилде чанда гана адамдар куурма чай жасап ичишет. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.
Куурма чай ашказанга жана ден- соолукка пайдалуу, жагымсыз шишиктердин пайда болушуна жол бербейт. Ата- бабаларыбыздан калган балуу чай. Куурма чайы жакшы энергетикалык тамак. Ал ошондой эле учурдагы кескин суукта маанилүү болгон жылуулук таасирин тийгизет. Ар кандай вариацияларда ичимдиктин бул түрү тибет, башкыр, татар, тажик жана башка ашканаларда кездешет.
Куурма чайды даярдоо ыкмасы:
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Алтын Абдразакова 75 жашта. Мурунку мезгилде адамдар куурма чайды аздектеп ичишкенин, ал эми азыркы муун дээрлик жасап ичпей калганын кошумчалады:
«Куурма чайды азыркы жаштар жасаганды дээрлик билишпейт. Мурда куурма чай баалуу чай болчу. Ага кумшекер кошуп ичебиз дешет, бирок ал туура эмес, туз татытып ичүү керек. Азыр чөп чайга өтүп кетип жаштар билбей калып жатышат. Мен куурма чай жасаганды неберелериме үйрөтөм, менин тилегим кыргыздын унутулуп бара жаткан баалуу тамак аштарын, кайрадан азыркы муун жасап, унутта калтырбаса жакшы болот эле».
Дарычылык касиети бар чөптөр тууралуу окуңуз
Нагима Мирланова