Биоартүрдүүлүк (биoлогиялык ар түрдүүлүк)- жашоонун бардык көрүнүштөрүндөгү ар түрдүүлүгү, биологиялык системанын татаалдыгы жана анын компоненттеринин ар түрдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Бул терминдин келип чыгышы боюнча талаш тартыштар көп. Бул терминди биринчилерден болуп Г.Бэйтс 1892-жылы киргизген деген маалыматтар бар. Ал эми 22-май Кыргызстанда биоартүрдүүлүк күнү деп белгиленген.
Биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскаруусунун себептери:
Биологиялык түрлөрдүн жоголуусу нормалдуу процесс болуп эсептелет. Эволюция процессинде бир нече ирет массалык түрдө көптөгөн түрлөр жоголуп кеткен. Түрлөрдүн азайышына алып келген факторлорго төмөнкүлөр кирет:
Жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу.
Экосистемага жана түрлөргө аёосуз мамиле кылуу.
Түрлөрдү кырып жоготуу жана алардын жашаган жерин талкалоо.
Жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу.
Калктын санынын өсүшү.
Токойлорду ашыкча кыйуу.
Малдын санынын көбөйүшү.
Жайыттарды туура эмес пайдалануу.
Кен казып алуучу ишканалардын ишинин натыйжасында табигый экосистемалардын бузулушу
Курулуш жана башка муктаждыктар үчүн жерлерди ээлэп, анын натыйжасында токой аянттарынын кыскарышы.
Дары өсүмдүктөрдү ашыкча чогултуу.
Саздардын кургашы.
Жапайы жаныбарларга браконьердик аңчылык кылуу.
Табигый кырсыктар: өрт, сел, жер көчкү, шамал.
Мөңгүлөрдүн азайышы.
Химиялык жер семирткичтерди ашыкча пайдалануу.
Вирустуу оорулар.
Азык чынжырынын бузулушу.
Климаттын өзгөрүшү.
Таштандылардын көбөйүшү.
Биоартүрдүүлүккө климаттын өзгөрүшү сыяктуу ар кандай глобалдык факторлор таасир этет, бирок бул фактор салыштырмалуу жай жана байкалбайт. Биоартүрдүүлүктүн азаюусуна адамдын иш-аракети эң чоң таасир этет.
Кыргызстандагы биоартүрдүүлүк
Азыркы убакта Кыргызстанда бактерия жана вирустар, козу карын жана жапыз өскөн өсүмдүктөр, бийик өскөн өсүмдүктөр, курт- кумурска, курттар, балыктардын 75 түрү, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр бар. Омурткасыз жаныбарлар толугу менен изилденип бүтө элек.
Өлүп тукум курут болгон түрлөр:
Баштыкчалуу карышыкыр.
Деңиз ую.
Тур (уй)
Тарпан (жылкы)
Жоголуу коркунучунда турган, сейрек кездешкен жаныбарлар:
• Боз варан.
• Орок тумшук.
• Ак илбирс.
• Тянь-Шань күрөң аюусу.
• Суусар.

Ак илбирс жоголуу коркунучунда турган жырткыч
Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда «Эл аралык жаратылышты коргоо» бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

Бул жаныбарлар да жоголуу коркунучуна кабылышы мүмкүн
Жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөр
Адамдардын иш-аракетинин натыйжасында кээ бир түрлөр жоголуп, башкалары коркунуч алдында турат. Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасында -3 түрү жок болуп, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; канаттуулардын фаунасында-4 түрү жок болуп, 26 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; өсүмдүктөрдө бирден аз түрү жок болуп, 56 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат.
Кызыл китепке кирген түрлөр
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 83 түрү, козу карындардын 4 түрү киргизилген.
Токой экосистемасы
Кыргызстанда токойлор аз, көбүнчөсү тоо башында жайгашып, мындай токойлордун 90 % деңиз дэңгээлинен 700 дөн 3500 метр бийиктикте орун алган. Кыргызстанда токой аянты 1,1 млн гектарды түзөт.
Тоодо жайгашкан токойлор сел агымдарынын, жер жана кар көчкүнү алдын алат, жана ошондой эле дарыя сууларынын агымын жөнгө салып турат.Кыргызстанда токойлор төрт түргө бөлүнөт: жаңгактуу, ийне жалбырактуу, арча жана суу жээгинде өскөн токой.
Суу экосистемасы
Табигый суу экосистемасына дарыялар, саздар жана көлдөр кирет.Эң чоң көлдөр булар: Исык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Сары-Челек. Ал эми саздар өтө эле аз аймакты ээлейт.Азыр алардын көбүнчөсү кургап жок болгон.
Соң- Көл менен Чатыр-Көлгө жасалма түрдө балыктар коё берилген, мурун бул көлдөрдө балыктар таптакыр болгон эмес.


Кызыл колтук баканы адамдар дары катары колдонуу максатында кармап, азайтып жиберишкен
Жерде сууда жашоочулардын классына кирген бакалардын түркүмү кийинки кездерде кескин азайып бара жатат. Алардын жоголуп кетишинин себептери төмөндөгүдөй:
1.Климаттын кургакчыл болушу, суунун азайышы бакалардын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизет, себеби бакалар сууда көбөйүшөт.
2.Калктын санынын өсүшү да бакалардын азаюусуна алып келет, анткени алар жашаган жерлерге адамдар отурукташып саздар, көлмөлөр кургап жатат.
3. Транспорттун көбөйүшү дагы бакалардын көбөйүүсүнө тоскоолдук жаратат. Алар көлмө, көлчүктөрдү, арыктарды тебелеп өтүп, бакалардын көнөк баштарын тебелеп зыянга учуратышат.
4. Адамдар өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды зыянкеч курт-кумурскалардан коргоо максатында химиялык дарыларды колдонушат. Жыйынтыгында курт-кумурскалар кырылып бакалардын азыгы азаят. Бул дагы бакалардын жоголуусунун бир себеби.
5. Рак оорусуна дарычылыгы бар деген имиштер менен адамдар кызыл колтук баканы аёсуз кырып жиберишкен. Мунун себебинен кызыл колтук бака дээрлик жоголуу коркунучунда.
Кыргызстандагы жайыттардын абалы

Топоз жарым жапайы жаныбар болгондуктан жайы-кышы тоодо жүрөт. Адистердин айтуусу боюнча алар жайытка көбүрөөк зыян келтиришет.

Акыркы он жылда Кыргызстанда малдын саны кескин өстү. Анын себебинен жайыттар такырланып, эрозияга учуроодо.
Акыркы он жыл аралыгында малдын санынын кескин өсүшү, жайыттарды туура эмес пайдалануу өсүмдүктөрдүн деградациясына себепкер болууда. Мындай көрүнүш өсүмдүктөрдүн арасынан баалуу тоют компоненттеринин жоголушу жана алардын ордун отоо чөптөрдүн басуусу менен мүнөздөлөт. Учурда Кыргызстандын жайыттарынын үчтөн бирине жакыны туура эмес пайдалануудан жана ашыкча мал жаюудан улам канаатандыраарлык эмес абалда турат. Көпчүлүк малчылар жана жергиликтүү жамааттар жайыт экосистемасынын негизги элементтери болгон өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу принциптерин сактабастан жайыттарды пайдаланышат. Малчылар көчүп-конуунун салттуу ыкмаларын колдонушпайт жана бир мезгил бою бир жерди жердеп калышат, бул көрүнүш жайыттардын калыбына келүүсүнө мүмкүндүк бербейт. Малдын туягынын көбөйүшү бир гана өсүмдүктөргө эмес, жапайы канаттуулардын азайышына алын келүүдө. Мисалга алсак, Нарын облусунда жайгашкан Соң-Көл жайлоосунда көптөгөн канаттуулар уялап, жумурткаларын тууйт. Алар балапан басып чыгарууга жетишпейт, себеби малдын туягы жумурткаларын зыянга учуратууда.

Биология мугалими Эркин Түлөкеева

Окуучулар «Биоартүрдүлүктүн кыскаруусу» деген темада талкуу жүргүзүшүүдө.

Тапшырма аткаруу учуру
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин биология мугалими Эркин Түлөкеева 9-класстын окуучуларына «Биоартүрдүүлүк» деген темада ачык сабак өттү. Сабакта учурдун көйгөйү болуп жаткан биоартүрдүүлүктүн кыскаруусу боюнча суроолор берилди. Окуучулар берген жоопторуна конкреттүү мисалдарды келтиришти. Сабактын максаты өсүп келе жаткан жаш муундарга жаратылышты көздүн карегиндей сактоого, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылууга тарбиялоо болуп эсептелет.
Бул материал “Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүү дебат ассоциациясы” Коомдук фонду (IDEA Борбордук Азия) тарабынан Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган социалдык маанилүү контент сынагынын алкагында түзүлгөн.
Бакыт Кожокматов