Кочкор районунун калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды тигүү, парк, скверлерди уюштуруу боюнча үч айлык ишембилик жарыяланды.
Ишембиликтен бир көз ирмем
2023-жылдын 18-мартынан 1-июнуна чейин ар бир жуманын ишемби күнү ишембилик өткөрүлүп турганы маалым болду. Үч айлыктын алкагында Кочкор району боюнча айыл өкмөттөрүнүн, мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери, коомдук уюмдардын активистери, ыктыярчылары жана Кочкор районунун жарандары ишембилике активдүү катышуусуна чакырылды.
Кочкор райондук Маданият Үйүнүн тазалоо иштеринин абалы менен таанышуу учуру
Үч айлык жарыянын негизинде Кочкор районунда мекемелер ээлеген жана аларга бекитилип берилген аймактарды, көчөлөрдү талаптагыдай санитардык абалга келтирүү, тиричилик калдыктарын тазалоо, жашылдандыруу иштерин өткөрүү жана парк, скверлерди уюштуруу.
18- март күнү Кочкор айылындагы «Сейил» паркында мамлекеттик мекемелердин, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик башталды. Тазалоо жана бак-дарактарды актоо иштери уюшулду.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев
Ишембилик кандай өтүп жатканы жана «Сейил» паркынын абалы менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев таанышты.
«Сейил» паркынын абалы менен таанышуу учуру
Эрмекбай Омошев парктын абалы менен таанышып Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраиловго бир катар тапшырмаларды берди.
Канайым Мирланова