“Усупбекстан” Жамааттык мультимедиа борборунун жаш кабарчылары Наиля Жанарбек кызы жана Эркеайым Замирбекова Кытай мамлекетине тажрыйба топтоо максатында жаш кабарчыларды даярдоо лагерине сапар алышты.

Кабарчылар Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алышат. Алар айыл ичиндеги жаңылыктарды коомчулукка жайылтууда зор салым кошуп келишет. Даярдаган макалалары www.usupbekstan.edu.kg, www.kyrgyzmedia.kg сайттарына жана жамааттык медианын социалдык баракчаларына жайгаштырылып келет.
Кабарчылар менен бирге Кытайга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Казыбек Асылбеков да барат.