ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова 19-20-майда “Невакет” Жамааттык мультимедиа борборунда 2 күндүк тренинг өттү. Тренингке 15 кабарчы жана Жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Венера Шонкоева катышты.
“Невакет” Жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Венера Шонкоева өтүлгөн тренингтен кийин жаш кабарчылар сайтка жаңылык жазып башташкандыгын билдирди:
“Невакет” Жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Венера Шонкоева
“19-20-майда семинарда жаш журналисттер макала чыгаруунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү, интервьюну туура алганды, тема тандаганды, лид түшүнүгүн үйрөнүштү. Мындан тышкары даяр макаланы, сүрөттү сайтка жүктөөнү, макаладагы каталарды кайра оңдогонду жана башка көптөгөн журналистика боюнча жаңы нерселерди үйрөндүк. Тренинг абдан кызыктуу болду. Окутуудан кийин макала жазуунун графиги түзүлүп, жаш журналисттер макала жазып башташты. Биздин айылда көп улуттун өкүлдөрү жашаганына байланыштуу макалалар орус тилинде чыгарылат”
Тренингке 15 кабарчы катышты
«Невакет» Жамааттык мультимедиа борбору Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында жайгашкан. Мультимедиа борбордун башкы максаты айыл турмушун жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу.
Окутуу DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылды.