Аймактагы Жамааттык медиалардын жетекчилери менен онлайн жолугушуу 24-март күнү ZOOM платформасында өткөрүлдү. Жолугушууда Аймак жамааттык медиасы мүчөлүккө кабыл алынды.
Бул медиа Чүй облусунун Сокулук районундагы Восточный айылында жайгашкан. Аймак медианын жетекчиси Темирлан-Али Абдыбеков медианын башкы максаттары тууралуу билдирди:
«24-мартта Жамааттык медианын мүчөлөрү «Аймак» медиа борборун ачууга добуш беришип, бизди кубандырышты. Сиздердин колдооңуздар менен келечекте «Аймак» медиа борборун иштетүүгө ынтызарбыз. Биздин медиа борбор ачуубуздун негизги максаты: «Восточный» (20-хутор) айыл аймагы кавказ улуттундагы эл жашагандыктан, айыл тургундары кыргыз тилине, кыргыз маданиятына жана башка нерселерди таанып билүүгө кызыгышат. Бул айылдын мектебинде кыргыз балдары жокко эсе. Алар биздин айылдын маданиятын, улуттук баалуулуктарын, салт-санааларын жамааттык медиа аркылуу чагылдырып турсак дешет. Жамааттык медианы айыл аксакалдары, жаш өспүрүмдөрдүн коомчулукка аралашуусуна өбөлгө түзөт деп ишенишет”.
Мындан тышкары онлайн жолугушууда жамааттык медиадага орун алган ийгиликтер тууралуу сөз болуп, кемчиликтери дагы талкууланды. Кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар айтылып, алдыда иштөө пландар түзүлдү.