25-апрель Бишкек шаарында жайгашкан Жамааттык медианын кеңсесине Deutsche Welle Академиясынын Борбордук Азиядагы координатору Лидия Ранерт келип команда менен жолугушту.
Жолугушууда 2022-жылда аткарыла турчу иш-пландар, долбоорлор менен Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору тааныштырды. Мындан тышкары аймактагы жамааттык мединын мүчөлөрү «Ачык өкмөт» долбоорунун негизинде, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте иш алып барып жаткандыгы тууралуу, kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова айтып берди.
Эскерт кетсек Лидия Ранерт 23-апрелде болуп өткөн Кара-Суу айылында жайгашкан «Тогуз-Торо FM» жамааттык радионун ачылышына катышкан.