23-апрель Кара-Суу айылында жайгашкан «Тогуз-Торо FM” жамааттык радиосунун ачылышы болуп өттү.
«Тогуз-Торо FM» радиосунун жетекчиси Анара Мааметова радионун иштеши айылдагы элдин маалыматтуулугун жогорулат деп билдирет:
«Тогуз-Торо FM» радиосунун жетекчиси Анара Мааметова
«Тогуз-Торо районунда жакшы саамалык болуп жатат. Радионун ачылышына айыл эли абдан кубанычта. Жамааттык радионун башкы максаты элдин маалыматтуулугун жогорулатуу жана айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн калкка жеткирүү. Жаңы чыккан мыйзамдар, кулактандыруулар тууралуу элди өз убагында маалым кылуу»
Ачылышка Deutsche Welle Академиясынын Борбордук Азиядагы координатору Лидия Ранерт, Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова, kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова, Сорос-Кыргызстан фондунун өкүлдөрү Тынымгүл Эшиева жана Салима Капар, Журналисттер коомдук бирикмесинин өкүлү Марат Токоев жана Тогуз-Торо райондук администрация башчысы аким Мирлан Карагулов анын орун басары Гүлжамал Султангазиева, айыл өкмөт башчылары жана айыл тургундары катышышты.
Жамааттык радиону бүткүл Тогуз-Торо району 105.1 толкунунда уга алышат
Эскерте кетсек «Тогуз-Торо FM” жамааттык радиосу DW академиясынын колдоосу менен ачылган.