Сары-Булуң айылында жайгашкан “Тогуз-Торо FM” радиосу жаңыдан ишке киргени турат. Үналгы 105.1 толкунунда бүткүл Тогуз-Торо районунда тартат.
Радио DW академиясынын колдоосу менен ачылууда. “Тогуз-Торо FM” радиосу Тогуз-Торо районундагы Сары-булун айылында жайгашкан.
Учурда kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова жана Зыйнат Самар кызы Сары-Булуң айылына барып радиодонун кызматкерлерине окутууларды жүргүзүп жатышат.
Окутуунун максаты радионун техникалык жактарын, программаларды жасоо кабарчылардын түз эфирге чыгуу эрежелерин, иштөө графикти түзүү жана башка керектүү малыматтарды үйрөтүү. Окутуу 19-апрелде башталып 22-апрелге чейин өтүлдү.
Эскерте кетсек 23-апрель “Тогуз-Торо FM” радиосунун расмий ачылышы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратында өтөт. Ага Борбордук Азиядагы DW академиясынын координатору Лидия Ранерт жана райондун акими, айыл өкмөт башчылары катышат.