12-13-апрель Кочкор районунун Кара-Тоо айылында Чолпон, Кара-Суу жана Кара-Тоо жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилерине жана алардын ыктыярчылары үчүн жанылыкты туура жазуу боюнча атайын тренинг болуп өттү.
Тренинг DW академиясынын колдоосунда уюштурулду. Окутуунун башкы максаты 3 жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларын жанылык жазууну жана сайтка туура жайгаштырууну үйрөтүү.
Жаш ыктыярчылар тренингтин биринчи күнүндө макала жазууну тексттин ичиндеги структура менен иштөөнү, баш темаларды туура коюну кеңири талдап биле алышты. Ал эми тренингтин экинчи күнүндө практикалык иштер болду. Кабарчылар тандап алган темаларына өздөрү жашаган айылдарга барышып материал даярдашты.
Эскерте кетсек буга чейин Кара-Тоо мультимедиалык борборунун ыктыярчылары жазган макалалар социалдык баракчаларга гана чыгып турган. Бул жолу алар макалаларын сайтка чыгарууга мүмкүнчүлүк ала алышты.