«Медиа-К» аталышындагы Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды колдоо долбоору аяктап жаткандыктан, USAID аймактагы Жамааттык радионун алып барган иштери менен жеринен таанышты.
Суусамырга келген коноктор радионун иштеши тууралуу кызыгуулары арткандыгын Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова айтты:
Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова, USAID Кыргызстандын долборлор боюнча адиси Эркин Конурбаев жана USAID Кыргызстандын Демократия жана башкарма директору Ноэль Бауэр
«Суусамыр FM радиосуна USAIDдин жетекчилери келип кетти. Алардын максаты аймактагы Жамааттык медиалардын аткарган иштери менен жеринен танышуу жана радионун иштөөсүнүн функциясын, максаты менен таанышуу. Жолугушууда USAIDдин жетекчилери кызыккан суроолоруна кененирээк жооп ала алышты».
Мындан сырткары коноктор Суусамыр FM радиосунун волонтёрлору менен таанышып маек курушту.
Жолугушууда коноктор кызыккан суроолоруна кенен жооп ала алышты