Бишкекте «Жаратман» аталышындагы видео контент даярдоо боюнча долбоордун алкагында төрт күндүк семинар өттү. Долбоор USAID жана Кыргызстандагы интерньюс өкүлчүлүгүнүн колдоосунда уюштурулду.
Семинардын биринчи жана төртүнчү күнүндө аймактагы журналисттер жогорку сапаттагы тасма тартууну, видеомонтаж, титрларды даярдоону, субтитрларды киргизүүнү үйрөнүштү.
Сюжеттин структурасын түзүү
Семинардын экинчи күнү журналисттер видео контент даярдоодо теманы туура тандоону, видеонун структурсын, стендап тартууну биле алышты. Окутуунун үчүнчү күнү каарман менен иштөө боюнча билимин кеңейтишти.
Стендап тартуу учуру
Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы Жамааттык медианын жана аймактагы алты мультимедиа борборунун журналисттери “Жаратман” аталышындагы видео контент даярдашат.
Эскерте кетсек аймактагы журналисттерге акыркы үлгүдөгүдөгү смартфондор, свет, петличка жана штативдер берилди.