Үч-Коргон мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында тренинг өтүлдү. Тренингге 20 окуучу жана жетекчилер катышты.

Тренингди 2-3-май kyrgyzmedia.kg сайтынын редактору Айзада Калканбекова өттү. Окутуунун алкагында волонтерлор сүрөткө туура тартуу, жаңылык жазууну, текст менен иштөө негиздерин биле алышты. Ал эми жетекчилер сайтка макаланы туура коюуну үйрөнүштү.

Үч-Коргон мультимедиа борборунун жетекчиси Гулбахор Абдурахманованын айтымында медиа 2015-жылдан тарта иштеп баштаганын айтат:
«Мультимедиалык борбор 2015-жылдан тарта иштеп баштаган. Жамааттык медиада иштеген волонтёрлор мектепти бүтүрүп кеткендигине байланыштуу медианын иши бир аз токтой түшкөн. Бирок жаңыдан кызыккан окуучулар үчүн 2-3-июнь жанылык жазуунун негиздерин, интервью алууну, сайтка макала чыгарууну үйрөткөн тренинг өтүлдү».

Волонтёрлор интервью алууну өздөштүрүштү
Эки күн ичинде катышуучулар жалпы 10 макала жазышты. Даярдалган материалдар kyrgyzmedia.kg сайтына чыгарылды.

Тренингдин жыйынтыгында Үч-Коргон мультимедиа борборунун волонтерлору активдүү иш алып баруу үчүн топ түзүлүп, иш графиктери түзүлдү.

Эскерте кетсек, Үч-Коргон мультимедиа борбору Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жайгашкан.