“Медиа Топтоо-2022” индустриалык медиа форуму 4-5-июнь Бишкек шаарында болуп өттү. Форумду “Интерньюс” уюму уюштуруп ага журналистика, жарнама, кино, контент тармагында иштегендер катышты.
Кыргызстандагы мыкты өкүлдөр, чет өлкөлүк эксперттер, ар кайсы өлкөлөрдөн келген коноктордун башын бириктирген медиа форумда сөз эркиндигин чагылдырган гимндин бет ачары менен башталды. Ыр репер Баястан жана төкмө акын Баян Акматовдун аткаруусунда болду.
Форумда жаңы форматтарды колдонуу, контент жараттуудагы тажрыйбалар, жаңы мүмкүнчүлүктөр, социалдык тармактар, медиа үчүн натыйжалуу стратегиялар, аймактагы журналистиканын өзгөчөлүктөрү талкууланып кейстер сунушталды.
“Медиа Топтоо-2022” форумунда аймактык журналистиканы өнүктүрүү тууралуу панелдик талкууда Жамааттык ЖМКлар бирлигинин директору Назира Джусупова аймактагы Жамааттык медиалардын ролу жана иши тууралуу айтты.
Айдана Токтобекова