Ысык- Көлдө Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан өлкөдөгү жамааттык медиалардын ыктыярчы кабарчылары үчүн лагерь уюштурулду. Аталаган лагерь эки агым менен болуп жалпы 24 ыктыярчы катышты.
DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулган лагерде тренерлер Айгерим Кубатбекова, Перизат Таштанова,Тимурлан Мелисбеков жаш кабарчылар жаңылык жазууда текст менен иштөө, сайтка маалымат жайгаштыруунун эрежелери, социалдык медиада контентти өнүктүрүү, видео тартып, монтаждоо боюнча теориялык дагы, практикалык дагы билим алышты.
Тренинг менен интеллектуалдык оюндар ойнотулду.
Беш күн бою кабарчылар жигердүү катышкандыгы үчүн коин(карточка) чогултушту, чогулткан коиндери үчүн да белектерди алышты.
Акыркы күнү окуучулардын билимин тест аркылуу текшерип, сертификаттар жана белектер берилди.
Зарина Бейшеналиева