Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабына бардык шарты бар мал базар курулат. Жалпы наркы болжол менен 8.5млн сомду түзөт.
Мал базардын болжолдуу эскизи
Баетов айыл аймагынын башчысы Улукбек Жусупжановдун билдиргенине караганда жаңы мал базар куруу үчүн долбоорлоо, проектирлөө документтерин жасатуу кызматы үчүн райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1.5 млн сомго тендер жарыяланган.
Улукбек Жусупжанов Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
“Тендерде “АКНУР Компани” ЖЧКсы 1млн.360 сомго утуп алып, келишим түзүлгөн. Учурда документтери жана долбоору даярдалууда. Документ иштери аяктаган соң, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча кайрадан тендер жарыяланат” деди. Тиешелүү адистер, архитектура менен бирге жаңы курулуучу мал базардын болжолдуу эскизи тандалып алынды.
Эскерте кетсек, Баетов айылында ар аптанын жума күндөрү мал базар эч шарты жок, ачык, жеке тараптарга тиешелүү жайда өткөрүлүп келет.
Барчын Мамытбекова