2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Ага ылайык Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 21 депутат шайланды. Алардын эң жаш депутаты Керимов Өмүркан биз менен маектешти.

«Мен Керимов Өмүркан. Терек-Суу айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, бүгүн ишимди баштадым. Бүгүнкү жыйында комитеттер шайланды. Анын ичинде жаштар саясаты, спорт, маданият, билим берүү тармагынын комитетине шайландым. Буйруса эл алдында аткара турган кызматтарыбыз, иштерибиз көп.
Биринчиден элдин руханий баалулуктарын көтөрүүбүз керек. Экинчиден окуучулардын билимге болгон, келечеке болгон көз караштарын бир аз да болсо жакшы жака өзгөрткөнгө аракет кылышыбыз керек. Элибиздин азыркы президенттин саясаты улуттук нарк боюнча саясат жүргүзүп жатат. Мына ошого биз эриш аркак бул жактан жардам берип, мына ошондой саясаттарды колдоп, көтөрүп чыгышыбыз керек.

Мен алгачкы жолу депутат болуп шайланып жатам. Депутаттардын ичиндеги эң жаш депутаты менмин.
Шайлангандардын ичинен мурунку депутаттардай эле жаңы шайланган депутаттар дагы көп»-дейт Керимов Өмүркан өз сөзүндө
Азема Кудуева