2025-жылдын 16-июлунда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Токтогул районуна болгон иш сапарынын алкагында Үч-Терек – Өзгөрүш жолунун абалы менен жеринен таанышып, аталган жолдун 7 чакырымын кыска мөөнөттө толук асфальттоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Мындан тышкары, министр Жетиген менен Үч-Терек айылдарын туташтырган эски көпүрөнү жаңыртуу жана Жетиген айылынын ичиндеги 2 чакырым жолду оңдоо зарылдыгын белгилеп өттү.
Бул иштер аймактын жол инфраструктурасын жакшыртып, жашоочулар үчүн кыймылды жеңилдетет деген үмүт бар. Ошону менен катар жергиликтүү тургундардын да суроолоруна жооп берди.
Айыл тургуну Эстебес Бакиев асфальт заводун куруу зарыл экендигин айтып кайрылды. Министрдин айтымында, учурда Токтогулда бир гана асфальт заводу иштеп жатат жана ал бар болгон муктаждыкты толук камсыздай албай жетишпей жатат. Ушундан улам, министр жакынкы аралыкта бул аймакка жаңы асфальт заводу куруларын белгилеп өттү. Бул иш-чара жолдордун сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо шартын оңдоого өбөлгө болот.
Даярдаган: Азема Сабырбекова