GOVORI.TV мультимедиялык агенттиги ишке ашырып жаткан «Кыйын» долбоору өлкөнүн түндүк аймагындагы активдүү айымдарды Ысык-Көлдө өткөрүлгөн тренингге чогултту. Иш-чарага жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалимдер, жарандык активисттер жана ишкерлер катышты.
Тренингдин негизги максаты — айымдардын саясий-лидерлик көндүмдөрүн өстүрүү жана коомдук маселелер боюнча эксперттик көз караштарын калыптандыруу.
Окутуудан кийин катышуучулар «Кыйын» ток-шоусуна чыгып, ар кандай көйгөйлөрдү козгоп, пикирлерин ортого салышты. Бүгүнкү чыгарылышта «Балдар бакчадагы экологиялык тарбия» темасы талкууланды.
Жети-Өгүз районундагы Иса кызы Ишенбүбү атындагы бала бакчанын жетекчиси Гүлнара Туйбаева кенже курактагы балдарга жаратылышты сүйүүнү үйрөтүү өтө маанилүү экенин белгиледи:
“Экологиялык тарбия — бул жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүү. Мисалы, сейилдөө учурунда дарактын жалбырак түсүнүн өзгөрүшүнө көңүл буруп, балдар менен ой жүгүртүүгө үндөө, табигый материалдардан буюм жасоо сыяктуу оюндар менен экологияга болгон мамилени калыптандырабыз”.
«Ананайка» бала бакчасынын жетекчиси Жеңишкүл Шаршеева жайлоо лагерлеринин ролу тууралуу бөлүштү. Анын айтымында, табигый чөйрөдө өткөн эс алуу балдарга салт-санаа менен катар жаратылышты баалоону да үйрөтөт.
“Биз жайлоодо ар түрдүү оюндар, мастер-класстарды уюштурабыз. Балдар таштанды таштабоо, сууну үнөмдөө сыяктуу жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди өздөштүрүшөт. Шаардан келгендер үчүн бул өзгөчө кызыктуу тажрыйба болот”.
«Керемет» бала бакчасынын жетекчиси Бегайым Мамбетова айлана-чөйрөгө кам көрүү маданияты, алгач үй-бүлөдөн башталаарын баса белгиледи:
“Бала көргөнүн кайталап өсөт. Эгер ата-эне таштанды ыргытпаса, бала да ошону үйрөнөт. Тарбиячылар бул багытта багыт берип, жаратылышты сактоого салым кошо алышат”.
Бала бакчада берилген экологиялык тарбия — келечек муундун жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин пайдубалы. Бул саамалыктагы аялдардын ой-пикири экологиялык тарбияны коомдук деңгээлде кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Толук подкастты бул жерден көрсөңүз болот: