Болот Бообек уулу Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине директор болуп кайрадан 5 жылдык мөөнөткө дайындалды

Мектеп директору- Болот Бообек уулу
Болот Бообек уулу 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетин, 2015-жылы аспирантурасын аяктаган.

Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы-Мирзат Мамбетова
Конкурстун негизинде тандалган жаңы жетекчини Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мамбетова келип отургузду жана жетекчилик ишмердүүлүгүнө өз каалоо тилектерин айтып өттү

Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин төрагасы Зарылбек Табалдиев

Кесиптештери менен
Даярдаган Бакыт Кожокматов