Тамак-аштан уулануу күнүмдүк жашоодо көп кездешүүчү жана адамдын саламаттыгына олуттуу зыян келтире турган абал. Өзгөчө жай мезгилинде уулануулардын саны кескин көбөйүп, ооруканага кайрылгандардын агымы өсөт. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Үмүт Сатыбалдиева бул маселеге токтолуп, алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Уулануу негизинен микробдор, токсиндер же химиялык заттар менен булганган азыктарды колдонгондо пайда болот. Эң көп кездешүүчү себептер:
•Тамак-ашты туура эмес сактоо: Айрыкча эт, сүт азыктары муздаткычсыз шартта бат бузулат.
•Гигиенанын сакталбашы: Колду таза жуубоо, булганган идиштерди колдонуу, бир тактайды баардык нерселерди кесүүгө колдонуу, ашканада санитардык эрежелердин сакталбашы.
•Жол жээгинде же талапка жооп бербеген жайларда сатылган тамактар: Бул жайларда санитардык көзөмөл жок, азык-түлүк микробдор менен булганышы мүмкүн.
Тамак-аштан уулануунун белгилери адатта тамакты жегенден кийин 2- сааттын ичинде же андан узак убакытта билинет. Негизги белгилер:
•Ичтин катуу оорушу, ашказан кысылышы
•Кусуу же ич өтүү
•Баш айлануу, алсыздык
•Дене табынын көтөрүлүшү (айрым учурларда)
•Ооздо жагымсыз даам, тамакка көңүлдүн тартпай калуусу
Тамак-аштан уулануунун алдын алуу мүмкүн жана ал үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо абзел:
1.Тамак-ашты туура сактоо: Эт, сүт, жумуртка сыяктуу тез бузулуучу азыктар 6°Cден төмөн температурада сакталууга тийиш.
2.Гигиенаны кармануу: Тамак даярдоонун алдында жана кийин колду самындап жуу.
3.Азык-түлүктөрдү бөлүп кармоо: Чийки эт жана бышкан тамактар үчүн ар башка бычак, тактай колдонуу.
4.Ишенимдүү жайлардан гана тамак сатып алуу: Жол жээгиндеги белгисиз жерлерден сатылып жаткан азыктар ууланууга алып келиши мүмкүн.
Эгерде уулануу белгилери билинсе, эң биринчи жардам катары:
•Суюктук ичүү: Организм суу жоготуп жаткандыктан, көбүрөөк суу ичүү сунушталат. Көп өдчөмдө эмес, тез- тезден аз- аздан ичүү керек.
•Оор белгилерде дарыгерге кайрылуу: Эгерде ич өттүү токтобосо, куса берсе же дене табы көтөрүлсө өз алдынча дары ичпей, дарыгерге кайрылуу керек.
•Тамак-ашты убактылуу токтотуп туруу: Бир нече саат жеңилдетилген режимде болуу жана жеңил суюк тамак ичүү пайдалуу.
Тамак-аштан уулануу ар кимдин башына келе турган маселе, бирок аны алдын алуу толук бойдон өзүбүздүн колубузда. Жеке гигиенаны сактоо, азыктарды туура тандоо жана сактоо эрежелерине көңүл буруу менен уулануунун алдын алууга болот. Өзгөчө балдар, кош бойлуу аялдар жана улгайган адамдарга өзгөчө этияттык керек.
Айпери Марлесова