Нарын облусунун Кочкор районундагы жайгашкан Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим мектебинде ERIK долбоорунун алкагында реконструкция иштери башталды.
Эске алсак, ERIK долбоорунун «Мектеп инфраструктурасынын коопсуздугун жана функционалдуулугун жакшыртуу» боюнча 2-компонентинин алкагында Кыргызстандагы жер титирөө коркунучу жогору болгон аймактарда сейсмикалык туруктуулук жана энергоэффективдүүлүк талаптарын эске алуу менен Н.Жүндүбаева атындагы мектепте реконструкция иштери башталды.

Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп
Бардык иштерди «Тумаш» түрк компаниясы аткарат. Аталган мектеп 300дөн ашык мектепке жүргүзүлгөн талдоонун жана Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан артыкчылыктуу тизменин негизинде тандалган жана каржыланат.

Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Дамира Асанова
Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Дамира Асанова мектепте чоң өзгөрүүлөр болорун айтып кетти. Бул жаңыланган класстар, жакшыртылган инфраструктура жана балдардын окуп-өнүгүүсүнө жагымдуу мейкиндиктер. Реконструкциялоо-бул жөн гана капиталдык оңдоого караганда ири жана комплекстүү процесс. Ал имараттын айрым элементтерин жаңыртууну жана оңдоону гана эмес, пландоону өзгөртүүнү, инженердик системаларды алмаштырууну, энергиялык натыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараны камтыйт.

Учурда окуучулардын билим процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында биздин окуучулар убактылуу Капар Кыдыралиев атындагы мектебинин имаратында билим алып жатышат. Эки мектеп бир имаратта окуу процессин уюштуруу үчүн атайын график түзүлүп, сабактар сменалык негизде өткөрүлүүдө жана кошумча класс кабинеттер салынды.

Кошумча класс кабинеттер
Бул тартип окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына шарт түзөт. Иштер толук аяктагандан кийин Н.Жүндүбаева атындагы мектеби өзүнүн имаратына кайтып, окуу процесси кадимки тартипте улантылат.
Канайым Мирланова