Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпул берүүгө документтер 12-январдан бери кабыл алынууда. Башкармалыктын башчысы Эрлан Качкынбаевдин маалыматына караганда аталган категорияда жөлөкпул алуучулардын саны район боюнча 899 болсо, учурда 410 арыз кабыл алынды.
“Чындыгында алгачкы 4 күнү абдан кыйынчылык болду, анткени жөлөк пул алуучулар массалык турдө келишти да. Документтерди каттоодо база көтөрө ала албай, кезек күткөндөр көбөйүп кетип жатты. Акыркы эки күндөн бери андай кезектеги жарандардын саны азайды. ” деди Э.Качкынбаев

Мындан сырткары айылдардагы соц.кызматкерлер дагы жеринде жарандарга тиешелүү документтерди толуктап, тууралоого жардам беришкенин кошумчалап, жөлөкпулду алуу шарттарын белгиледи:
Үч же андан көп балалуу жана жашы үч жашка чейинки үй-бүлөлөр;
Жаран сөзсүз түрдө айылда жашоосу керек жана катталган дареги менен дал келүүсү шарт;
Ал эми жөлөкпул чегерүү үчүн төмөнкү документтер керектелет:
1. Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү.
2. Балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү.
3. Никелешүү тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү.
4. Банктык эсеп.
5. Түндүктөн үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.
Барчын Мамытбекова