Айылдагы 11-класстын окуучулары үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдануу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Мурда бүтүрүүчүлөр сапаттуу даярдык алуу үчүн борборго же Нарын шаарына барып окууга аргасыз болсо, эми айылдын өзүндө онлайн жана офлайн форматта уюштурулган ЖРТга даярдоо курсу ишке кирди.
Бул курс айыл жаштары үчүн убакытты жана каражатты үнөмдөп, билимге жетүүнү жеңилдеткен маанилүү мүмкүнчүлүк болууда. Сабактар түз окутуу (офлайн) жана онлайн форматта өткөрүлүп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Буга чейин мектептин окуучулары ЖРТга сапаттуу даярдануу үчүн борборго же Нарын шаарына барып окууга аргасыз болушчу. Ал эми бул ата-энелер үчүн кошумча чыгымдарды, окуучулар үчүн убакыт жана жол түйшүгүн жаратчу.

ЖРТга даярдоо курсун Азиза Турусбекова алып барат. Ал 2022-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине бюджеттик негизде тапшырып, бакалаврдык билим алган. Учурда ошол эле факультетте магистратурада, 2-курста окуусун улантып келет.

Курстун алкагында ЖРТнын негизги багыттары камтылып, тесттик тапшырмалар менен иштөө, темаларды терең түшүндүрүү жана практикалык машыгуулар жүргүзүлөт. Сабактар окуучулардын деңгээлине жараша уюштурулуп, ар бирине жекече көңүл бурулат.Жаңы ачылган курс аркылуу окуучулар өз айылынан чыкпай эле, ыңгайлуу шартта билим алып, тестке системалуу түрдө даярдана алышат. Офлайн сабактар түз окутуу аркылуу өтүлсө, онлайн форматта башка аймактагы мугалимдер жана окуучулар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Учурда бул курста 7 окуучу билим алып жатат. Алар ЖРТга системалуу даярданып, жогорку окуу жайларга тапшырууга багыт алышууда.
Бул мүмкүнчүлүк айылдагы окуучулар үчүн билимге жетүүдө тең мүмкүнчүлүк түзүп, жогорку окуу жайларга тапшырууда ишенимин арттырууда.

Айылда мындай билим берүү демилгелеринин ишке ашышы — айыл жаштары үчүн билим алууда терең мүмкүнчүлүк түзүлүп, алардын келечегине болгон ишенимди арттырган маанилүү кадам болуп саналат.
Бурул Майрамбек кызы