Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, Чолпон_Ата айылынан чыккан Сезимбек Жолдошбеков, жаш демөөрчү жаштарга үлгү боло алды. Көбүнчө биз «демөөрчү» дегенде жашы өткөн, колунда байлыгы ашып-ташкан адамдарды элестетебиз. Бирок чыныгы мекенчилдик жана айкөлдүк жашка карабайт экенин 19 жаштагы Сезимбек Жолдошбеков далилдеди. Ал өзү билим алган мектебине китепкана ачып, айылдаштарын жана мугалимдерин кубанычка бөлөдү. Ал мектепти бүткөнүнө бир жыл гана болгон. Азыркы учурда Эл аралык Кувейт университетинин биринчи курсунда окуйт. Сезимбектин бул кадамы кокустан пайда болгон жок. Анын мындай асыл ишти баштоосуна ата-энесинин, чоң ата жана чоң апасынын берген тарбиясы, чексиз колдоосу чоң түрткү болду. Жаш жигиттин шыгына шык кошуп, «балам, сенин колуңдан келет» деп алдыга сүрөгөн жакындары — бүгүнкү коомдогу үлгүлүү үй-бүлөнүн жүзү болду.
»Бул китепкананын ачылышына себепчи кана болдук. Китепкана ачалы деген ой эки жыл мурун болгон. Бизге жаңы жылга карата эки жумалык каникул берилген, ошол убакта бир топ досторума жана тааныштарыма, жакшы мамиле кылган агаларым менен байланышып, китепкана ачалы дедик эле, билимдүү жаштарга түрткү боло турган, жакшы ишке бир саамалык кылсак кандай болот деп оюмду ортого салдым.. Ошентип досторум жана ишкер агалар колдоп каражат чогултуп жаңы китептер алынды. Китепканаларда жок китептер койулду «Сынган Кылыч», Чыңгыз Айтматовдун 12 томдук китеби, «Келкел», «Маркумдар үнү»,» Каныбек» жана башка китептер бар. Бул жерде бир гана мектеп окуучулары үчүн эмес, айылдагы жаңы үйлөнгөн жубайлар үчүн, аялзатына тиешелүү дагы китептер бар, келип окушса болот» дейт жаш демөөрчү Сезимбек Жолдошбеков. 
«Токтогул өрөөнүнө Чолпон-Ата айылына жаштардын демилгеси менен чакыруу алдым. Токтогул атабыздын айылында китепкана ачылып жатканы чоң майрам. «Бир адамдан бир китеп» деген долбоор бар, ошонун негизинде айыл-аймактарда китептердин жайылышы бул жакшы саамалык. Элди агартуу тармагында, жаштардын аралашып жатканы бизди кубантты. Бүгүн адеп-ахлак, ыйман, биримдик жана уңгү жолу жөнүндө маек болду» дейт коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков. 
«Мен Нурзат Сейталиева Сезимбектин апасы болом. Балам кичинесинен эле дилгир, аракетчил жана тырышчаак. Балам биринчи жолу демөөрчүлүк кылып тушоо кесүүсү болду десем болот. Биз жалпы туугандар жана ата-энеси балабыз менен сыймыктанып олтурабыз. Балам Эл Аралык Кувейт университетинде окуйт, ал аябай элпек кичинесинен эле кылам деген иштерин аткарат. Анын кылган иши жалпы эл үчүн, элдин батасын алып уулубуз аман болсун. Биз дайыма уулубузду колдоп элдин уулу болсун деген тилегим» дейт апасы.
«Мен Айнура Тургунбаева Данканай орто мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенем. Сезимбек биринчи класста эле акылдуу, зирек жана аракетчил эле. Ал Манас айтып, мектепте өтүлгөн иш-чараларга активдүү катышып жүргөн. Сезимбектен үмүтүм чоң, келечекте мыкты инсан болот деген ойдомун» дейт башталгыч классында окуткан мугалими.
«Сезимбек окуп жүргөндө эле активдүү бала болчу, ошол кезде эле анын дилгирлигин жана жөндөмдүүлүгүн байкагам. Бүгүнкү күндө анын кылган иши, китепкана ачып окууну бүткөнүнө бир жыл болгонуна карабастан, демөөрчү болуп атканы бул жалпы коллективди жана класс жетекчиси катары мени сүйүнүп, сыймыктанып олтурам. Мугалим үчүн өзүн окуткан окуучу ийгилик жаратса, бул чоң сыймык жана сыйлык да экенин билдим» дейт класс жетекчиси Назгүл Калчабаева.
Сезимбектин чоң апа,чон атасы жана бир туугандары, мугалимдери менен достору колдоп турганда, ал көптөгөн бийиктиктерди багындырат. Айыл эли үчүн дагы кызматын кыла берет. Билимдүү жаштарга үлгу болуп, жакшылыктын жарчысы болот деген үмүтөбүз дейт чоң апасы Анара.
Сезимбек Жолдошбеков, Эл аралык Кувейт Университетинин ректорунун кеңешчиси Бектурсун уулу Өмүрбек жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаев тарабынан «Ыраазычылык барагы» менен сыйланды. Сезимбек бул ыраазычылык барактарга ата-энем гана татыктуу деп аларга тапшырды.
Жаш демөөрчү тарабынан ачылган китепкана жөн гана имарат эмес, бул — жаш муундар үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү. Китеп дүйнөсү аркылуу окуучулар жаңы горизонтторду ачып, дүйнө таанымын кеңейтишет. Айыл элинин жана ардагер мугалимдердин ак батасын алган Сезимбек бүгүн өз курбуларына жана ини-карындаштарына чыныгы үлгү болду. Сезимбек Жолдошбековдун кадамы — бул өлкөнүн келечегине болгон чоң ишеним. 19 жашында мекени үчүн күйүп, билимдин маанилүүлүгүн иш жүзүндө көрсөткөн мындай жаштар барда, Кыргызстандын эртеңи жарык болоруна ишенсек болот
Даярдаган: Азема Кудуева.