Жамийла Акирекова жакындан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда рентгенолог жана онколог дарыгер болуп эмгектенүүдө. Ал рак ооруларынын себептери, дарылоо жолдору жана райондогу учурдагы абал тууралуу маалымат берди.
Дарыгердин айтымында, рак илдетинин пайда болушуна негизинен үч фактор таасир этет: физикалык, биологиялык жана химиялык. Нарын облусунда рак ооруларынын түзүмүндө биринчи орунда ашказан рагы, экинчи орунда жатын моюнчасынын жана өпкө рагы турат:
«Былтыр райондо 202 учур катталып, анын ичинен 56 бейтап каза болду. Рактын негизги белгилерине себепсиз салмак жоготуу, бат арыктоо, алсыроо жана теринин өңүнүн өзгөрүшү кирет. Белгилер оорунун жайгашкан жерине жараша ар кандай болот», — деди Жамийла Акирекова.
Адистин белгилөөсүндө, рак илдетин эрте аныктоо дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондуктан жарандар профилактикалык кароодон өз убагында өтүп туруусу зарыл.
Тема боюнча кеңири маалыматты төмөнкү видеоматериалдан көрүүгө болот:
Даярдаган: Барчын Мамытбекова