Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Токтогул шаарынын муниципалдык мал базарында рейддик иш-чаралар уюштурулду.
Рейддин негизги максаты — жугуштуу ылаңдардын алдын алуу жана эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу болду. Иш-чаранын алкагында малдарды милдеттүү түрдө вакцинациялоонун зарылдыгы баса белгиленип, тиешелүү документтер текшерилди. Мындан сырткары, мал уурулугунун алдын алуу багытында бардык үй жаныбарларын чиптөө жана биркалоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү фермерлерге жана мал ээлерине малды каттоодон өткөрүү, ветеринардык талаптарды сактоо жана мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу боюнча эскертүүлөр берилди.

«Мал сатуу жана ташуу менен алектенген жарандар ветеринардык-санитардык эрежелерди так сактоого милдеттүү. Биз бул боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатабыз. Малдарды идентификациялоо (Малдын паспорту) мыйзамга ылайык, бардык бодо малдар жана жылкылар идентификациядан өтүүсү керек. Бул — малдын кыймылын, сатылышын же алынышын база аркылуу ачык-айкын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Кызмат көрсөтүү акылары Идентификациялоо иштери айыл жерлеринде жеке ветеринардык адистер тарабынан жүргүзүлөт. Белгиленген тарифтер төмөндөгүчө:Бирка тагуу- 100 сом; Чип тагуу- 150 сом, ал эми малды эмдөө жана дарылоо иштери үчүн ветеринарлар мал ээсинен алган акысы жеке ветеринардык адистердин айлыгы болуп эсептелет, себеби алар мамлекет тарабынан айлык алышпайт. Мал ээлери тарабынан бирка тагуу, чип тагуу иштерине каршы болгондугунун себеби, мал ээлеринин арасында «мал үчүн салык төлөйбүз» же «жөлөк пул чыкпай калат» деген туура эмес түшүнүктөр бар. Расмий түрдө билдирем: малга салык төлөнбөйт. Идентификация иштеринин салыкка эч кандай тиешеси жок. Мал ээлери болгону жайытты пайдаланганы үчүн гана акы төлөшөт. Ар бир мал ээсин өз малына кам көрүп, өз убагында идентификациядан өткөрүүгө чакырам. Бул сиздин дагы, коомдун дагы коопсуздугу үчүн маанилүү.» — дейт ветеринардык башкармалыктын башчысы Жолчубек Момунбаев.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылып, шаар жана айыл аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүүлөрү белгиленди.

Даярдаган: Азема Кудуева