Ак-Талаа районунда “Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан аз камсыз, шарты оор, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге 1тоннадан көмүр таратылды.


Ишкананын жетекчиси Жолой Кубанычбековдун маалыматына ылайык, Баетов айылындагы көмүр базасынан жалпы 43 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Жалпы 43 тонна көмүрдүн 22 тоннасы айыл өкмөттөргө тиешелүү муниципалдык ишканалардын техникалары менен жеткирилген. Калган 21 тоннасы Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарындагы үй-бүлөлөргө берилген.
Бул жардам кыш мезгилинде калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова