Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Кыргызстан китеп окуйт” аталышындагы 21 күндүк китеп окуу марафону салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

Аталган иш-чара окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана сахналык чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталды. Марафон конкурстук таймаш форматында өтүп, ага 7–8–9–10-класстын окуучулары активдүү катышты.
Таймаш жалпысынан алты этаптан турду. Катышуучулар саламдашуу аркылуу өз командаларын тааныштырып, чыгармалардан үзүндү боюнча авторлорду аныкташты. Каармандардын образын сахналаштырып, тез жооп берүүдө ыкчамдык менен тактыкты көрсөтүштү. “Эгер мен автор болсом…” бөлүмүндө окуучулар өз чыгармачылык кыялдарын сунуштап, жыйынтыктоо этабында алган таасирлерин бөлүшүштү.
Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, калыстар тобунун баалоосунун негизинде төмөнкү жыйынтык чыгарылды:
1-орун – 7-,,а” классы
2-орун – 9-,,а” классы
3-орун – 9-,,а” жана 8-класстар
Мындан тышкары өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн окуучулар Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул 21 күндүк марафон окуучулар үчүн жөн гана сынак эмес, китеп аркылуу дүйнө таанып, руханий азык алган, достукту бекемдеген, билимге болгон умтулуусун арттырган өзгөчө аянтча болду. Китеп окуу маданиятын жайылтууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң экендиги дагы бир ирет далилденди. Мектеп директорунун милдетин аткаруучу Айдай Джолчубекова өз сөзүндө бул марафон мектепте алгачкы ирет уюштурулуп жатканын белгилеп, ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын активдүү катышуусу жогорку деңгээлдеги жыйынтыкка жеткиргенин айтты. Анын айтымында, катышуучулар 21 күн бою китеп окуп, QR-код аркылуу электрондук китептерди колдонуп, сүрөттөрдү тартып, суроо-жоопторго катышып келишти.

Марафон таймаш, көркөм окуу, сүрөт тартуу жана интеллектуалдык суроо-жооп форматында өткөрүлүп, мектептин китепканачысы Талжибек Токтобай кызы тарабынан уюштурулду. Мектеп жамааты анын чыгармачыл эмгегин жогору баалап, терең ыраазычылык билдирди.
Бул марафон окуучулар үчүн китеп аркылуу дүйнө таанып, руханий азык алган, достукту бекемдеген жана билимге болгон умтулуусун арттырган өзгөчө аянтча болду.
Даярдаган: Аида Карыбекова, Нурайым Кеңешбекова