Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Алимбек Сатыбалдыев мектепти аяктаганына 10 жыл толгондугуна карата билим уясына өзгөчө белек тартуулады.

Ал өзүнүн жеке каржылоосу менен мектепке жаңы түстүү принтер жана эки видеокамера алып берди. Бул демилге бүтүрүүчүнүн мектебине болгон терең урмат-сыйынын жана келечек муундарга көрсөткөн камкордугунун белгиси.
Белектерди тапшыруу учурунда мектеп жамаатынын улуу муундагы ардактуу мугалимдери: Тепеева Рафа, Токтосунова Гульмира, Кенжебаева Бермет, Турсуналиев Бакыт Джамбылович жана Эргашов Бекташ Киргизбаевич ак баталарын берип, ыраазычылыктарын билдиришти.
Алар бүтүрүүчүгө бекем ден соолук, ишине ийгилик жана эл алкышына татыктуу болуп жүрө беришин каалашты.
Мектеп жамааты Алимбек Сатыбалдиевге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайт.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Аида Карыбекова