Февраль айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган “Жооптуу бол!” бир айлыгынын алкагында 18 жаштан жогорку эркектер жугуштуу эмес ооруларды аныктоо максатында акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Чолпон айыл аймагында катталган 1009 эркектин 817си кароодон өтүп, бул 80 пайыздык камтууну түздү.
Бир айлык иш-чара жугуштуу эмес оорулардын — кан басым жогорулашы, кант диабети, ашыкча салмак сыяктуу илдеттердин алдын алуу жана эрте стадиясында аныктоого багытталган.
Чолпон айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ №6) эркектерди активдүү чакыруу менен иш алып барды. Айрым тургундар ооруканага өздөрү келсе, айрымдарын медициналык кызматкерлер үйүнө барып текшерүүгө туура келген.

ГСВ №6 Чолпон аймагындагы үй-бүлөлүк медайым Айзада Касымованын айтымында, кароодон өткөндөрдүн ичинен:
• бир адамдан жогорку кан басым (гипертония)
• бир адамдан кант диабети
аныкталган.
Бул көрсөткүчтөр жугуштуу эмес оорулар көп учурда билинбей өнүгөрүн жана профилактикалык кароонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт.

Адистердин белгилешинче, эркектер көп учурда ден соолукка кайдыгер мамиле кылып, оорунун белгилери күчөгөндө гана дарыгерге кайрылышат. Мындай акысыз акциялар ооруну баштапкы стадиясында аныктоого жана оор кесепеттердин алдын алууга шарт түзөт.

Медициналык кызматкерлер жарандарды кан басымын туруктуу текшерип турууга, туура тамактанууга жана жылына жок дегенде бир жолу профилактикалык кароодон өтүүгө чакырышат.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.