Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы “Кызгалдак” балдар бакчасынын бөбөктөрү 5-март – Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышып, улуттук баалуулуктарды даңазалашты. Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунду мекенчилдикке, улуттук салт-санааны урматтоого тарбиялоо болду. Ак калпак кийген бөбөктөр тарбиячылары менен бирге айыл көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш жасап, майрамдык маанай тартуулашты.


Ак калпак – кыргыз элинин улуттук сыймыгы, тарыхы менен маданиятын чагылдырган ыйык баш кийим. Бул күндү утурлай Терек-Суу айылындагы “Кызгалдак” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн атайын иш-чара уюштурулуп, бөбөктөр ак калпак кийип жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүш учурунда кичинекей тарбиялануучулар мекен, эл-жер тууралуу ырларды айтып, улуттук рухту даңазалашты. Мындай иш-чаралар балдардын жүрөгүндө мекенди сүйүү сезимин ойготуп, улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган тарбиялык мааниге ээ болду.



“Биз бөбөктөрдү кичинекейинен тарта улуттук баалуулуктарды урматтоого, мекенди сүйүүгө тарбиялоону максат кылабыз. Ак калпак күнү сыяктуу майрамдар балдардын патриоттук сезимин күчөтөт,” — деп белгиледи бала бакчанын жетекчиси Динара Тургунбаева.

Ак калпак күнүнө арналган бул жөө жүрүш айыл тургундарына да майрамдык маанай тартуулап, улуттук салттарды даңазалаган таасирдүү иш-чара ыраазы болушту.
Даярдаган: Азема Кудуева.