Кара-Кече көмүр кенин байланыштырган жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолдун курулушу уланууда. Долбоордун алкагында Балыкчы–Кочкор темир жолу 2022-жылдын 31-мартында башталган. Узундугу 63 чакырымды түзгөн бул тилкени үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү пландалууда.

Темир жол курулушуна жумушчуларды кабыл алуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынан келген адистер жумуш издеген жарандарга маалымат берип жатышат.
Жол чарба филиалынын башчысынын орун басары Чыныбек Турдиевдин айтымында, учурда курулуш кызуу жүрүп жаткандыктан, 18 жаштан 65 жашка чейинки жарандар жумушка чакырылууда.

Турдиев Чыныбек Дүйшөнбекович
Кайсы адистер керек?
Төмөнкү багыттар боюнча жумушчулар талап кылынат:
монтёрлор
жол оңдоочулар
өтмөктөргө нөөмөтчүлөр
көпүрөлөрдү көзөмөлдөгөн кызматкерлер
поезддерди тейлөөчүлөр
жардыруудан кийин таштарды тазалоочу жумушчулар

Эмгек шарттары
Учурда 66 бош орун бар. Жумушка кабыл алуу жаңы башталган.
Иш убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин
Айрым кызматкерлер: 1 күн иштеп, 2 күн эс алышат
Айлык маяна: 28 000 – 42 000 сом
Жаңы киргендер үчүн: 17 000 – 18 000 сом
Жумушка кабыл алынгандар 1-июндан тарта расмий ишке киришет.
Темир жолдо иштөөнү каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат:
Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү 93а/1, Кыргыз темир жолунун жол чарба филиалы.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов