Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылындагы Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили кабинетине белгилүү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, котормочу, публицист, акын, пародист жана Кыргыз ССР журналистер союзунун мүчөсү билим берүүнүн, мамлекеттик кызматтын отличниги, кыргыз таануучу Аалы Молдокановдун ысымы ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чарага мектеп жамааты, ардагер мугалимдер, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, окуучулар жана кыргыз элине белгилүү «Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, Манас таануучу, куранды кыргыз тилине биринчилерден болуп которгон көз карандысыз изилдөөчү Темиралы Кунашев, акын Жыпара Арыкова, кыргыз тил комиссиясынын мүчөсү Бакыт Айтиев, Манас таануучу, илимдердин доктору Гулзат Майчынова жана Чынара Салиева конок болушту.

Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Асылгүл Буржуева
Мектептеги маанилүү күнү боюнча Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Асылгүл Буржуева маалымат менен бөлүштү.

«Манас» улуттук академиясынын тарабынан сунушталган «Тамгалар даңктайт Манасты» аттуу китебин презентацияладык жана мектеп жамаатын сунушу менен кыргыз тили кабинетине маркум Аалы Молдокматовдун ысымы ыйгаруу иш-чарасы болду. Ошондой эле мектепке «Манас» улуттук академиясынан бир интерактивдүү доска жана китептер белекке келди.

Кыргыз тили кабинети заманбап жасалгаланып, окуучуларды эне тилге болгон кызыгуусун арттырууга багытталган көргөзмө бурчтар жана маалымат такталары менен толукталды. Ошондой эле окуучулар тарабынан көркөм окуулар айтылып, чакан концерттик программа тартууланды.

Жыйынтыгында мектеп директоруна «Манас кошууну» ордени менен сыйланып, келечекте мындай демилгелер жаштарды улуттук баалуулуктарды урматоого, кыргыз тилине терең өздөштүрүүгө шыктандырырарын белгилеп, иш-чаранын аягында куран окулуп жакшы тилектер менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Канайым Мирланова