Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Самаев Урматбек Орозбекович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким болуп дайындалды. Ал бул кызматта 2021-жылдан бери иштеп, өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган Акылбек Тюкебаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев 1986-жылы 25-майда Чүй районуна караштуу Он бир жылга айылында туулган. 2004-жылы Чүй районундагы №2 орто мектебин аяктаган. 2004–2012-жылдары Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын юриспруденция факультетинде жогорку билим алган.

Самаев алгачкы эмгек жолун спорт тармагында машыктыруучу болуп баштап, кийин улуттук спорт федерацияларын жетектөөгө чейин жеткен. 2006–2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча машыктыруучу (тренер) болгон.
2018-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. 2019-жылдын январында Кыргыз Республикасынын «Аргымак» федерациясынын президенти болуп дайындалган.

Жаңы аким жергиликтүү кеңештен баштап, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинде чоң тажрыйба топтогон: 2012–2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты. 2016-жылдын январынан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат.

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп эмгектенген. 2025-жылдын январь айынан тарта Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп жаткан. Урматбек Самаев «Келечек» жаштар кыймылынын лидери катары коомдук иштерге жигердүү аралашып келет. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Даярдаган: Азема Сабырбекова