Токтогул шаарындагы А. Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейдин базасында аймактын билим берүү тармагы үчүн тарыхый окуя болду. Мында жаштарга дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүнү максат кылган заманбап француз тилин окутуу борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Бул демилгени КРнын Эмгек сиңирген мугалими, Эл агартуунун отличниги жана Франция мамлекетинин жогорку сыйлыгы — «Академиялык Пальма» орденинин кавалери Илатбү Сатарова кесиптештери менен биргеликте көтөрүп, ишке ашырган.

Борбордун ачылышына Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Фай атайын келип катышты. Ошондой эле иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын жетекчилери, Райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Аялдар кеңешинин төрайымы, аксакалдар, мектеп директорлору, ата-энелер жана окуучулар күбө болушту.

Салтанаттын жүрүшүндө Илатбү Сатарованын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана ишмердүүлүгүн чагылдырган атайын слайд көрсөтүлдү. Андан соң, аксакал Жолдошбек Меделканов жана Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаңы борбордун ишине албан ийгиликтерди каалашты. Салтка ылайык, элчи Никола Файга жана анын кесиптешине кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк үлгүсүндөгү чакан эстелик белектери тапшырылды.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Фай өз сөзүндө бул демилгени жогору баалап, борбордун ачылышына каржылык жактан түз колдоо көрсөткөнүн билдирди:
«Бүгүнкү иш-чара абдан кубантарлык. Бул борбор эки элдин биримдигин бекемдеп, жаштардын француз тилин үйрөнүүсүнө чоң шарт түзөт. Илатбү Сатарованын ишине ийгилик каалайм. Бул окуу жайдан көптөгөн окуучулар билим алып, келечекте окууларын Францияда улантат жана билимдүү жаштар көбөйөт деп ишенем», — деди элчи.

Окуучулар конокторго концерттик программа тартуулап, анын алгачкы бет ачарын француз тилинде «Манас» айтуу менен баштаганы келгендердин өзгөчө кызыгуусун жана суктануусун жаратты. Мындан сырткары, жаштарга француз тилин кантип натыйжалуу үйрөнүү жана Франциянын алдыңкы окуу жайларынан кантип билим алуу керектиги тууралуу маалыматтык слайддар сунушталды.

Борбордун негиздөөчүсү Илатбү Сатарова алдыдагы чоң пландары менен бөлүштү:
«Биздин максат — француз тилин жөн гана тил катары үйрөтүү эмес, аны туризм тармагында да кеңири колдонуп, жаштарыбыз аркылуу Токтогулду дүйнө жүзүнө таанытуу. Борборду ачууга жакындан жардам берип, каражат бөлүп берген Франция элчиси Николас Файга терең ыраазычылык билдирем. Жаштарыбыз ушул жерден окуп, кийин Францияда билим алып, дүйнөлүк аренага чыга алышсын деген тилек менен ушул борборду ачтык», — деп баса белгиледи.

Бул борбор Токтогулдун таланты таш жарган, билимге куштар жаштары үчүн Европага жана дүйнөлүк аренага жол ачкан чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ордосуна айланмакчы.

Даярдаган: Азема Сабырбекова, Сумая Жумашбекова