Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн кыргыз тилинен өтмө экзамендер башталды — бул тууралуу Агартуу министрлигинин расмий буйругуна таянып Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти билдирди. 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен өткөрүлүп жаткан бул сынактар өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү мекемелерине тиешелүү. Менчигинин түрүнө жана окутуу кайсы тилде жүргүзүлгөнүнө карабастан, ар бир мектепте кыргыз тилинен жазуу жана оозеки сынактар милдеттүү түрдө уюштурулууда.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо жана мектептердеги билим сапатына мониторинг жүргүзүү. Сынактардын жыйынтыгы билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү реформаларына негиз болот. Жобого ылайык, тапшырмалар Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан даярдалып, сынак боло турган күнү эртең мененки саат 07:00дө drko.kg сайтына жайгаштырылат. Ал эми сынактар өзү саат 09:00дө башталат.
Сынактар төмөнкү бекитилген график боюнча өтүүдө:
5-класстар: 12-13-май
6-класстар: 14-15-май
7-класстар: 18-19-май
8-класстар: 20-21-май
10-класстар: 25-26-май

Экзамендерди ачык, таза жана санитардык талаптарга ылайык өткөрүү жоопкерчилиги аймактык билим берүү органдарына, мектеп директорлоруна жана атайын предметтик комиссияларга жүктөлгөн.

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай — бул көчүрүү экзамендеринин жыйынтыгы окуучулардын кийинки класска өтүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Ал билим деңгээлин текшерүүчү мониторинг катары каралат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова